Төкмө акын Болот Назаров 1 айга камалды
RU

Төкмө акын Болот Назаров 1 айга камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москва райондук сотунун чечими менен төкмө акын Болот Назаров 1 айга СИЗО-1ге камакка алынды. Төкмөнүн жактоочусу Бакытбек Автандил соттун чечимине даттана турганын айтат.

Акындын бөгөт чарасын тандоо ызы-чуу менен коштолду. Жабырлануучу делинген тарап Болот Назаровго доосу жок экенин айтып, тосмо арыз жазууга аракет кылган. Бирок болжол менен УКМКнын кызматкери жабыралнуучуну залга киргизбей, коркуткан.

Окуянын чоо-жайы:

9-ноябрда төкмө акын Болот Назаров талаадан жылкыны минип качып кеткенге шектелип кармалганы кабарланды. Кийинчерээк журналист Олжобай Шакир аны өнөр адамдарынын бири тойго алып барганын, ал жактан ат мингизиптир деп сөз болгонун айтып чыкты. Ал арада ырчы Кубаныч Ажыбаев Болот Назаров менен бир тойдо кызмат кылганын, бирок ал жакка төкмө акынды алып барбаганын билдирди.

Ал эми Назаров өзү жылкыны той ээси ыраазы болуп бергенин, аны уурдабаганын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9209