#ForKyrgyzJournalist. Кыргызстандагы ЖМКларды колдоо боюнча маалыматтык өнөктүк башталды
RU

#ForKyrgyzJournalist. Кыргызстандагы ЖМКларды колдоо боюнча маалыматтык өнөктүк башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-декабрда социалдык тармактарда Кыргызстандын журналисттерин жана массалык маалымат каражаттарын колдоо боюнча маалыматтык кампания старт алды.

Акциянын максаты - чет мамлекеттердин коомчулуктарына Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жеткирүү.

Кыргызстандагы журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына басым жасалган фактылар ар кайсы өлкөлөрдүн журналисттеринин жеке аккаунттарынан #ForKyrgyzJournalist, #ForKyrgyzMedia деген хэштегтер менен жарыяланат.

Маалымат кампаниясына Грузия, Украина, Казакстан, Молдова, Литва жана башка өлкөлөрдөн журналисттердин катышуусу күтүлүүдө.

Үгүт өнөктүгү учурунда change.org жана avaaz платформаларында Кыргызстандагы журналисттерди жана массалык маалымат каражаттарын колдоо максатында кол топтоо үчүн онлайн петиция ачылат.

Акциянын соңунда, 9-декабрь - Эл аралык адам укуктарынын күнүндө "Сорос фондунун" колдоосу аркылуу Кыргызстандын Медиа Актив Платформасы менен биргеликте журналисттердин ортосунда онлайн телекөпүрө өткөрүлөт.

Иш-чаранын максаты - жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге болгон коркутууларды жана чектөөлөрдү, сөз эркиндигин жана жалпы аракеттерди талкуулоо.

"Бул кампаниянын жыйынтыгы - Кыргызстандын президентине жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге кысым көрсөтүүнү токтотууга, республикадагы сөз эркиндигин жана массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектеген мыйзам чыгаруу демилгелерин жокко чыгарууга чакырган журналисттердин кайрылуусу болмокчу", - дешет уюштуруучулар .

Бул иш-чаралардын бардыгы:

  • Кыргызстандын журналисттерине колдоо көрсөтүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүүнү токтотууга;
  • Кыргызтандагы сөз эркиндигинин абалы жөнүндө мүмкүн болушунча көп адамдар билүүсүн камсыз кылууга;
  • ар кайсы өлкөлөрдүн журналисттеринин түйүндөрүн түзүү жана критикалык кырдаалдарда бирдиктүү жооп кайтаруу үчүн негиз түзүүгө багытталат.

Онлайн телекөпүрөдө журналисттер Кыргызстандагы жана катышуучу мамлекеттердеги сөз эркиндигинин абалы, ар кандай кысым, куугунтук, маалымат каражаттарына бөгөт коюу, ЖМКга мыйзамдуу чектөөлөр жана учурдагы кырдаалга жергиликтүү, эл аралык деңгээлде жооп кайтаруу боюнча жалпы аракеттерди талкуулоого багытталмакчы.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9467