Каржы министрлигинин кызматкерлери бир күндүк маянасын Түркияга жардамга которушту
RU

Каржы министрлигинин кызматкерлери бир күндүк маянасын Түркияга жардамга которушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин кызматкерлери Түркиядагы окуяларга байланыштуу жабыркаган жарандарга материалдык жардам катары бир күндүк эмгек маяналарын которушту. Маалыматты аталган министрликтен кабарлашты.

Буга чейин Түркияда зилзаладан жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылып, президенттин администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын которушту.

Жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү эсептин реквизиттерине сом, доллар жана евро түрүндө акча каражаттарын которо алышат.

Бирдиктүү эсеп "Айыл Банктан" ачылды.

  • ИНН 01803199710084
  • БИК 135001
  • ОКПО 30597768
  • Эсеп № 1350102119900169 "КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, доллар, евро);
  • Төлөм коду 14411100 – "Учурдагы жардам";
  • Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Сүрөт: Түркиядагы жер титирөөдөн кийинки абал. Автор: Erçin Ertürk

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10241