"Кесиптештеримди макул болууга чакырдым". Аскар Акаев Дубайдагы жолугушуу тууралуу айтты
RU

"Кесиптештеримди макул болууга чакырдым". Аскар Акаев Дубайдагы жолугушуу тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аскар Акаев Кыргызстандын мурдагы президенттеринин 17-февралда Дубайда өткөн жолугушуусу боюнча комментарий берди. Анда Садыр Жапаровдун командасы жыйынтык көрсөткөнүн белгиледи.

"Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана анын командасы эки жылдын ичинде мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык тармактарында, өлкөнүн ички жана тышкы саясатында көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти. Алар биринчи кезекте мамлекеттүүлүктүн негиздерин бекемдеп, эффективдүү мамлекеттик башкарууну калыбына келтиришти. Ошого жараша биринчи оң натыйжалар пайда болду.

Былтыр, 2022-жылы эле тарыхый маанидеги бир катар окуялар болуп өттү. Анын ичинде Казакстан жана Өзбекстан менен Чолпон-Атада "Борбордук Азияны 21-кылымда өнүктүрүү боюнча достук, коңшулаштык жана кызматташтык келишимине" кол коюлду. Өзбекстан менен чек ара маселелерин эки тарапка тең алгылыктуу жана пайдалуу ийгиликтүү чечилди. Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү Россия менен мамилеси бекемделди.

Экономикада да ийгиликтер бар. Эң ири алтын казуучу "Кумтөр" ишканасы улутташтырылып, тек гана кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы үчүн иштей баштады. Кыргызстандын ИДПсы 2022-жылы 7%га өсүп бардык ЕврАзЭС жана КМШ өлкөлөрү үчүн рекорддук көрсөткүч болду. Алдыда эбегейсиз чоң инфраструктуралык долбоордун башталышы – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу турат, ал кыргыз өндүрүүчүлөрүн түздөн-түз океанга алып барат. Эң ири Камбар-Ата ГЭСинин курулушу улантылат, бул экономиканы өнүктүрүүнүн энергетикалык базасын чыңдайт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда экономикалык жылышка жана андан ары динамикалуу туруктуу өсүшкө - элдин жыргалчылыгын кескин жогорулатууга шарт берген кырдаал түзүлдү.

Мына ушундай шартта президент Садыр Жапаров өзүнөн мурункулардын баарын дасторконго чогултуп, тарыхый мааниге ээ кадам жасады. Чынында эле бул тарыхый окуя, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөзү менен айтканда, "Кылым карытар бир күн" деген окуя болуп калды.

Бул жолугушуунун түздөн-түз катышуучусу катары мага элдин жогорку кызыкчылыгынын жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоонун негизинде ишке ашкандыгы ачык көрүнүп турат.

Муну менен Садыр Жапаров, балким, өзүнөн мурункуларга болгон нааразычылыгын басуу менен өзүнүн саясий даанышмандыгын, адамдык берешендигин көрсөттү.

Албетте, мамлекеттүүлүктү чыңдоо, эл арасындагы биримдикти, ынтымакты бекемдөө президенттин түздөн-түз жана негизги конституциялык милдети. Бул милдетти иш жүзүндө толук ишке ашыра баштаганы кубандырат.

Жеке мен бул демилгени колдоп, Кыргызстандын бакубат келечеги үчүн, кыргыз коомундагы стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн кесиптештеримди макул болууга жана колдоого чакырдым.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен дагы элди президент Садыр Жапаровдун тегерегине биригип, учурдагы ыңгайлуу кырдаалдан пайдаланып, гүлдөгөн Кыргызстанды курууга экономикалык көтөрүлүш жасоого чакырам!", - деп айтылат Акаевдин билдирүүсүндө.

Буга чейин Садыр Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки бардык президенттер менен жолугушуу өткөргөнүн билдирди. Ага Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышты. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу бейтарап аймакта өттү.

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу (13 статей)
"Жапаров саясатчы катары өстү". Бакиев президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты
28 Февраль 2023, 10:21
Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кол алышканын айтты
21 Февраль 2023, 20:01
Эрбол Султанбаев: Жапаровдун Дубайдагы демилгеси "жемишин" бере баштады
21 Февраль 2023, 18:50
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10392