Автокырсыкка кабылган окуучулар: Комада жаткан баланын саламаттыгында өзгөрүү бар
RU

Автокырсыкка кабылган окуучулар: Комада жаткан баланын саламаттыгында өзгөрүү бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек - "Манас" аэропортунун трассасында автокырсыкка кабылган окучулардын бири комада жаткан. Анын ден соолугунда жакшы жакка өзгөрүүлөр бар экенин шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Kaktus.media сайтына билдирди.

"Кудайга шүгүр, жакшыра баштады. Ал өзүнө келе элек, бирок турмуштук белгилери бир аз жакшыра баштады. Биз анын мээсин томографияга тарттык. Гематома бар, бирок кичинекей. Биз операция кылбайбыз. Консервативдик дарылоо гана болот. Жакшыруу бар, бул бизди кубандырат", - деди ал.

Эске салсак, 20-апрелде окуучуларды ташыган автобус кырсыкка кабылып, 18 бала ооруканага жаткырылган. Анын ичинен 4 баланын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган. Кийинчерээк шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Kaktus.kg сайтына жалпы 27 бала кайрылганын билдирген.

Чүй ОИИББден жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын кабарлаган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12017