"Азаттык Медиа" Жапаров менен Ташиевге ачык кайрылуу жасады
RU

"Азаттык Медиа" Жапаров менен Ташиевге ачык кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Азаттык Медиа" президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиевге ачык кайрылуу жасады.

Текстти толугу менен беребиз.

Сөз эркиндиги - Кыргызстан үчүн, кылымдарды карыткан кыргыз эли үчүн түркүктүү баалуулуктардын сап башында. Бекеринен элибизде "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" деп айтылбаган. Бабалар сөзгө маани берип, сөзүнө туруп, сөзгө жыгылып, социалдык-саясий турмушунда анын баркын терең баалап, колдонуп келишкен. Эгемендиктин түндүгүн көтөргөн соңку 31 жылда элибиздин дүйнө коомчулугуна, коңшуларга мактана турганы да дал ушул сөз эркиндигибиз болду.

"Азаттык" радиосу ("Азаттык Медиа") дээрлик 70 жылдык тарыхында Кыргызстандын өз алдынча, эгемен мамлекет болушуна советтик системанын тушунда талыкпай күрөшүп, кыргыз элинин кылымдар бою эңсеген эркиндигине жетишине зор салымын кошуп келген. Кыргызстаныбыздын эгемен, сөз эркиндигин туу туткан мамлекет катары курулушуна, өнүгүшүнө "Азаттык" аркылуу жанын үрөп кызмат кылгандардын башында Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу, Аким Өзгөн, Мамашарип Казы, Салижан Жигитов өңдуү инсандар турат.

"Азаттык" акыркы 31 жылда Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жолунда экономика, билим берүү, коопсуздук, экология, жаштар, маданият, искусство, социалдык тармактар боюнча ары мазмундуу, ар тараптан балансталган, маалымат-аналитикалык материалдарды бардык платформаларда - радио, теле, интернет булактары аркылуу даярдап, элдин калың катмарына жеткирип келди. IT технологиясы, ишкердик, адам укуктары, коррупцияга каршы күрөш жаатындагы көйгөйлөрдү да батыл чагылдырып келе жатат.

Эл арасындагы, өлкөнүн бардык аймактарындагы өнүгүүгө жана жаратмандыкка бет алган, мамлекетти алдыга сүрөп, коомчулукту шыктандырган үлгүлүү демилгелерди жана долбоорлорду "Данисте" сыяктуу рубрика менен кенен тааныштурууну улантууда. Коомду тазалап, агарта турган, акыйкаттыкка, адилеттикке үндөгөн, маданий-рухий баалуулуктарды муундан муунга өткөрүүгө багытталган материалдар көбөйдү.

"Азаттык" көтөргөн талылуу маселелерди мамлекеттик органдар жетекчиликке алып, конкреттүү адамдардын тагдырын өзгөртүп, жашоосун жакшыртып жаткан ондогон мисалдар аракеттин акыбети кайтып жатканынын далили.

Өлкөнү өнүктүрүү максатында "Азаттык" дүйнөдөгү алдыңкы тажрыйбаларды да өз аудиториясына жеткирип, чет мамлекеттеги мекендештердин жетишкендиктери менен өксүктөрүнө да талыкпай кайрылып келет.

Бизди - Кыргызстандын алдыңкы интеллигенция өкүлдөрүн, искусство, маданият ишмерлерин, окумуштууларды, четте жашаган жарандарды жана коомдун активдүү катмарын "Азаттыктын" айланасындагы соңку окуялар тынчсыздандырууда.

Анын интернет сайтынын kg доменде бөгөттөлүшү, банктык эсебинин токтотулушу Конституцияга жана мыйзамдарга туура келбеген кадамдар экенин белгилейбиз.

Ошондуктан "Азаттыктын" коомдогу жана мамлекеттеги ролун эске алып, анын ишмердигине мыйзамдуу бардык шарттар менен камсыздап беришиңиздерди, ишмердигинин толук кандуу калыбына келишине көмөк көрсөтүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Эске салсак, 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

Кийинчерээк "Азаттыктын" эсебине бөгөт коюлган. "Демир" банктын өкүлдөрү бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан. Кийинчерээк "Азаттыктын" эсеби боюнча операциялар ТИК/ККЛК (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү) мыйзамына ылайык токтотулганын расмий билдиришкен.

Кайрылууга кол койгондордун тизмеси:

  • Шайлообек Дүйшеев - Кыргыз Эл акыны
  • Абдыганы Эркебаев - академик
  • Роза Айтматова - коомдук ишмер, жазуучу
  • Тилектеш Ишемкулов - коомдук жана саясий ишмер
  • Тынчтыкбек Чоротегин - профессор, тарых илимдеринин доктору
  • Кыяс Молдокасымов - профессор, тарых илимдеринин кандидаты
  • Кален Сыдыкова - Кыргыз Эл жазуучусу
  • Жеңишбек Токтобеков - Кыргыз Эл акыны, төкмө акын
  • Жанар Акаев - Жогорку Кеңештин депутаты, "Альянс" фракциясынын лидери
  • Эльвира Сурабалдиева - Жогорку Кеңештин депутаты
  • Мирлан Самыйкожо - Жогорку Кеңештин депутаты
  • Дастан Бекешев - Жогорку Кеңештин депутаты
  • Эмил Токтошев - Жогорку Кеңештин депутаты
  • Жалалиддин Нурбаев - Жогорку Кеңештин депутаты
  • Тазабек Икрамов - Жогорку Кеңештин депутаты
  • Винера Раимбачаева - Жогорку Кеңештин депутаты
  • Гуля Кожокулова - Жогорку Кеңештин депутаты
  • Нулифар Алимжанова- Жогорку Кеңештин депутаты
  • Сеидбек Атамбаев - Жогорку Кеңештин депутаты
  • Эмилбек Каптагаев - коомдук жана саясий ишмер
  • Каныбек Иманалиев - коомдук жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  • Абдывахап Нурбаев - коомдук жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  • Аалы Карашев - коомдук жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  • Мирлан Жээнчороев - коомдук жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  • Муратбек Мукашев - коомдук жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  • Рыскелди Момбеков - коомдук жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  • үйшөнкул Чотонов - коомдук жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  • Айсулуу Мамашева - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  • Жылдыз Мусабекова - журналист, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  • Жедигер Саалаев - акын, юридика илимдеринин доктору
  • Азимжан Ибраимов - журналист, акын
  • Олжобай Шакир - жазуучу
  • Доктургүл Кендирбаева - коомдук ишмер, "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун директору
  • Гүлнара Каликова - коомдук ишмер, юрист
  • Элдар Абакиров - экономист, коомдук ишмер
  • Бурул Макенбаева - укук коргоочу
  • Динара Ошурахунова - укук коргоочу
  • Ибраим Нуракун уулу - журналист, "Борбор Азия медиа фонду"
  • Темирбек Ажыкулов- экономист, Сүт өндүрүүчүлөр бирикмесинин төрагасы
  • Кубат Болотканов - журналист, медиа жаатындагы ишмер
  • Мырза Каримов - билим берүү жаатындагы адис
  • Адилет Кожобергенов - ырчы
  • Абир Исраилов - ырчы, "Баягылар" тобунун солисти
  • Аман Мамбетакунов - актёр, ырчы
  • Талант Сыдыков - ырчы, "Эл ырчысы Эстебес" тобунун солисти
  • Орозали Сайдилканов - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими
  • Алмаз Тажыбай - Лидерлик жана иштиктүү коммункациялар өнөрканасынын жетекчиси
  • Руслан Акматбек - жарандык активист
  • Сания Токтагизиева - юрист
  • Айгүл Калчакеева - билим берүү жаатындагы адис, экономика илимдеринин кандидаты
  • Шаиста Шатманова - журналист
  • Марс Тулегенов - журналист
  • Толкун Наматбаева - көз карандысыз журналист
  • Аскер Сакыбаева - көз карандысыз журналист
  • Тамара Валиева - журналист, Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы
  • Лейла Саралаева - "Новые лица" гезитинин башкы редактору
  • Дилбар Алимова - "Политклиника" басылмасынын жетекчиси
  • Елена Баялинова - медиаэксперт
  • Жаркын Ибраева - журналист, Долон Медиа Нарын
  • Асель Сооронбаева - журналист, Bulak.kg
  • Аделя Лаишева - Медикоммуникациялар республикалык борборунун директору
  • Нурдин Дүйшөнбеков - "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы
  • Гладис Темирчиева - журналист, Vesti.kg
  • Жаннат Токтосунова - журналист, 3-канал
  • Адил Турдукулов - журналист, ТВ Академия
  • Булат Сатаркулов - журналист, ТВ Академия
  • Кайыргуль Урумканова - журналист, GovoriTV
  • Эльмира Токтогулова - Фонд Медиа консалт
  • Айбек Турдалиев - Телерадиотаратуучулар ассоцициясы
  • Нургуль Шаршембиева - "Журналисттер үйү" коомдук бирикмеси
  • Динар Турдугулова - журналист
  • Айсулуу Көкөева - жазуучу, журналист
  • Канышай Мамыркулова, журналист
  • Алмаз Темирбек уулу - журналист
  • Гульзат Газиева - медиаэксперт
  • Назира Жусупова - ММК жаматтары ассоциациясы
  • Орозгүл Арстанова - "Марал" радиосунун башкы редактору
  • Бегайым Токтоналиева - журналист
  • Ыдырыс Исаков - көз карандысыз журалист
  • Жылдыз Орозматова - журналист, Ош
  • Болот кызы Зыягүл - журналист, Ош
  • Айдай Беделбек кызы - журналист, Ош
  • Каныбек уулу Нургелди - журналист, Ош
  • Баргыбаева Нуржамал - журналист, Ош
  • Жылдыз Кадырбаева - журналист, Ош
  • Бектур Мойдунов - журналист, Ош
  • Пайзидин уулу Ажибай - журналист, Ош
  • Мимоза Жаныбек кызы - журналист, Ош
  • Абдумалик Базарбаев - журналист, Ош
  • Зарипбек уулу Бекзат - журналист, Ош
  • Талантбек кызы Гүлшайыр - журналист, Ош
  • Акматжан кызы Роза - журналист, Ош
  • Акимбек уулу Марат - журналист, Ош
  • Шохрух Иминжанов - журналист, Ош
  • Жантемир уулу Алтымыш - журналист, Ош
  • Каныбек кызы Жаңылай - журналист, Ош
  • Нурбек уулу Эртөштүк - журналист, Ош
  • Акмарал Маликова - журналист, Ош
  • Маширап кызы Айнура - журналист, Ош
  • Исраил кызы Айымкан - журналист, Ош
  • Дарбанбек кызы Аймээрим - журналист, Ош
  • Мээрим Абдилажанова - журналист, Ош
  • Шабданбек уулу Даткабек - журналист, Ош
  • Даяна Данияр кызы-журналист, Ош
  • Аззам Бузириков - оператор, Ош
  • Журналисттердин көз карандысыз биримдиги
  • "Медианы өнүктүрүү борбору" коомдук фонду
  • Иликтөөчү журналистика фонду
ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9591