СИЗОго камакка алынгандардын жакындары президент менен жолугушууну талап кылышты
RU

СИЗОго камакка алынгандардын жакындары президент менен жолугушууну талап кылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

СИЗОдо отурган активисттер, саясатчылар жана журналисттердин жакындары президент Садыр Жапаров менен жолугушуу талабын айтып, өкмөт үйүнө барышты.

Алар президентке маалымат жетпей жатат деп эсептешет.

"Аялдарды колдоо керек. Алардын апасы, бир туугандары, кыздары бар. Биз Садыр Жапаров менен жолугушууну суранабыз жана талап кылабыз. Биз бул жакка эне катары келдик. Садыр Жапаров 5-10 мүнөткө болсо да чыгып же бизди кабыл алып, сүйлөшүшү керек", - дешет топтолгондор.

Бирок өкмөт үйүнөн чыккан өкүл учурда президент иш сапар менен Баткен облусунда жүргөнүн, ал курулуп жаткан үйлөр менен таанышып жатканын айтты.

Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген. Кийин алардын камактагы мөөнөтү узартылып, айрымдары ачкачылык жарыялашкан.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9697