Массалык кармоо: Активист, саясатчылардын камактагы мөөнөтү узартылды
RU

Массалык кармоо: Активист, саясатчылардын камактагы мөөнөтү узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 13-декабрда Биринчи Май райондук сотунда массалык баш аламандык уюштурууга шектелген активисттердин камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча процесс уланууда.

Райондук сот экс-депутат Кубанычбек Кадыровду 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

Парламенттин экс-депутаты Кемпир-Абадды коргоо боюнча жыйынга журанлист катары барганын белгиледи. Ошондой эле СИЗОдо отурган активист айымдарды жаңы жыл алдында бошотуу керектигин айтты.

Ага улай эле журналист Эрлан Бекчороевдин, саясатчы Жеңиш Молдокматовдун, укук коргоочу Гүлнара Журабаеванын, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановдун, активист Перизат Суранованын, Атай Бейшенбектин, саясатчы Равшан Жээнбековдун, экс-депутат Асия Сасыкбаеванын, укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чаралары каралып, алар 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды.

Буга чейин Азимбек Бекназаров 2023-жылдын 20-февралына чейин, Илгиз Шаменов, Орозайым Нарматова, Акыл Айтбаев, Чыңгыз Капаров жана Нурлан Асанбеков 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылган.

Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9589