4 облуста милиция башкармалыктарынын жетекчилери алмашты. Алар
RU

4 облуста милиция башкармалыктарынын жетекчилери алмашты. Алар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалды. 28-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме аркылуу жаңы жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды.

Министр белгилегендей, ротациялык дайындоолор Нарын облусунун Кочкор районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган жагымсыз окуялардан улам жүргүзүлдү. "Сиздерге чоң ишеним артып, жооптуу кызматты аркалоого жана элге ак ниет кызмат өтөөгө жөнөттүк. Сиздерди дайындоонун алдында ар бириңиздер менен жекече сүйлөшүп, жарандардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүү боюнча тапшырмаларды берип, өздүк курам арасындагы мыйзамдуулукту сактоо жана зарыл чараларды уюштуруп, жүргүзүүнү табыштадым", - деди министр.

Ички иштер министринин буйругу менен дайындалган жетекчилер:

  • Нарын ОИИБдин жетекчиси кызматына милициянын полковниги Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси кызматын ээлеп келген;
  • Жалал-Абад ОИИБдин жетекчиси кызматына милициянын полковниги Жеңиш Абитов дайындалды. Мурда ал Ош ОИИБдин жетекчиси кызматын ээлеп келген;
  • Ош ОИИБдин жетекчиси кызматына милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков дайындалды. Мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жетекчиси болуп келген;
  • Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси кызматына милициянын полковниги Орунбай Кочкоров дайындалды. Мурда ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматын ээлеген.

Министр жаңы дайындалган жетекчилерге бүгүндөн баштап күчөтүлгөн тартипте иштөөнү тапшырды.

"Жаңы жылдык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде сактап, элге сервистик тейлөө көрсөтүп, кылмыштуулукка, ошондой эле ар түрдүү укук бузууларга жол берилбеши керек. Ар бириңиздерди тажрыйбалуу кызматкер жана жооптуу жетекчи катары билем. Андыктан, сиздерге берилген аманатты аткарып, эл алдында таза жана чын дилден эмгектенип, буга чейинки орун алган кемчиликтерге жол бербестен, коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн кызмат өтөйсүздөр деп ишенем. Эгерде сиздер элдин ишенимин актабай, өз милдетиңиздерди так аткарбай, жүктөлгөн ишмердике салкын мамиле жасай турган болсоңуздар жаза катуу болот", - дейт Ниязбеков.

Жакынкы арада бир катар шаардык, облустук, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана борбордук аппараттын кызматтарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтери каралат.

"Буга чейинки аппараттык кеңешмелерде, коллегияларда коюлган тапшырмаларды так аткарууга, Ички иштер министрлигинен берилген тескемелерди, айрыкча Тартиптик уставдын талаптарын сактоого, өздүк курам арасында мыйзам жана тартип бузууларды болтурбоого буйрук кылам", - деди министр.

Буга чейин Нарын ОИИБдин 22 кызмактерине, ал эми Жалал-Абад ОИИБдин 12 кызматкерине карата кызматтык жаза колдонулган.

Кызматтык дайындоолор жана отставкалар (6 статей)
Чүй жана Нарын облусунда милициянын жетекчилери алмашты
9 Март 2023, 09:18
Министрдин буйругу менен милиция бөлүмдөрүндө жетекчилер алмашты
6 Март 2023, 11:25
Милициянын райондук, шаардык кызматтарынын жетекчилери алмашты. Тизме
27 Февраль 2023, 17:55
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9743