Чүй жана Нарын облусунда милициянын жетекчилери алмашты
RU

Чүй жана Нарын облусунда милициянын жетекчилери алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин Чүй жана Нарын облустук башкармалыктарынын жетекчилери алмашты. Ошондой эле райондук милиция бөлүмдөрүндө кадрдык өзгөрүү болгонун министрликтин маалымат кызматы билдирет.

Министрдин буйругуна ылайык:

  • Сапарбек Асаналиев Чүй ОИИББдин начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын ОИИБдин начальниги кызматына;
  • Дамирбек Исаков ИИМдин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) начальниги кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББдин начальниги кызматына дайындалды.
  • Каныбек Абдырахманов Чүй ОИИББдин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) начальниги болуп дайындалды.
  • Талантбек Аттокуров Чүй ОИИББдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Жайыл РИИБдин начальниги кызматына дайындалды;
  • Искен Базаркулов Жайыл РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББдин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.
  • ИИМдин карамагында турган милициянын полковниги Руслан Кадыров Чүй ОИИББдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги кызматына дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилди.

Белгилесек, 7-мартта Нарын ОИИБдин жетекчиси Канат Жумагазиев президенттин Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Кызматтык дайындоолор жана отставкалар (6 статей)
Министрдин буйругу менен милиция бөлүмдөрүндө жетекчилер алмашты
6 Март 2023, 11:25
Милициянын райондук, шаардык кызматтарынын жетекчилери алмашты. Тизме
27 Февраль 2023, 17:55
Райымбек Матраимовдун күйөө баласы Оштогу милиция бөлүмүнө башчы болду
20 Февраль 2023, 18:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10751