Милициянын райондук, шаардык кызматтарынын жетекчилери алмашты. Тизме
RU

Милициянын райондук, шаардык кызматтарынын жетекчилери алмашты. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги милициянын райондук, шаардык кызматтарын чыңдоо максатында жетекчилик курамдарын ротациялоо иштерин дагы улантууда. Министрликтин маалыматына ылайык, өткөн жумада ички иштер министрлигинин 7 жетекчини ротациялады.

Министрдин буйругу менен:

  • Ат-Башы РИИБдин начальниги Болот Арзыгулов кызматынан бошотулуп Жалал-Абад ШИИБдин жетекчиси кызматына;
  • Кара-Кулжа РИИБдин жетекчиси Мартбек Зикиров кызматынан бошотулуп Ат-Башы РИИБдин начальниги кызматына,
  • Баткен ШИИБдин жетекчиси Жаныбек Канзаманов кызматынан бошотулуп Талас облусунун Бакай-Ата РИИБине жетекчи кызматына,
  • Жалал-Абад ШИИБдин начальниги Алмазбек Кубатбеков кызматынан бошотулуп Баткен ШИИБдин начальниги кызматына,
  • Бакай-Ата РИИБдин начальниги Маратбек Шайбеков кызматынан бошотулуп Ош облусунун Кара-Кулжа РИИБдин начальниги кызматына,
  • Баткен облусунун Лейлек РИИБдин начальниги Болотбек Кундузов кызматынын бошотулуп ушул эле облустун Кадамжай РИИБдин начальниги кызматына;
  • Кадамжай РИИБдин начальниги Кожобек Козубаев кызматынан бошотулуп Лейлек РИИБдин начальниги болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана анын алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого багытталган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди.

Кызматтык дайындоолор жана отставкалар (6 статей)
Чүй жана Нарын облусунда милициянын жетекчилери алмашты
9 Март 2023, 09:18
Министрдин буйругу менен милиция бөлүмдөрүндө жетекчилер алмашты
6 Март 2023, 11:25
Райымбек Матраимовдун күйөө баласы Оштогу милиция бөлүмүнө башчы болду
20 Февраль 2023, 18:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10547