Министрдин буйругу менен милиция бөлүмдөрүндө жетекчилер алмашты
RU

Министрдин буйругу менен милиция бөлүмдөрүндө жетекчилер алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир катар райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери башка аймактарга ротацияланды. Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, 6 жетекчи ротацияланды.

Ички иштер министринин буйругу менен өткөн аптада:

  • Кенжебай Абдуллаев Ош облусунун Араван РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБине жетекчи;
  • Нурланбек Бурканов Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБинин начальниги кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Араван РИИБине жетекчи;
  • Уланбек Коноев Нарын облусунун Жумгал РИИБинин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБинин начальниги;
  • Медербек Муратов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБинин начальниги кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас ШИИБине жетекчи;
  • Асрор Тантиев Талас облусунун Талас ШИИБинин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБине жетекчи;
  • Алтынбек Мусаев Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБинин начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Жумгал РИИБине жетекчи болуп дайындалышты.

Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана аны алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди.

Кызматтык дайындоолор жана отставкалар (6 статей)
Чүй жана Нарын облусунда милициянын жетекчилери алмашты
9 Март 2023, 09:18
Милициянын райондук, шаардык кызматтарынын жетекчилери алмашты. Тизме
27 Февраль 2023, 17:55
Райымбек Матраимовдун күйөө баласы Оштогу милиция бөлүмүнө башчы болду
20 Февраль 2023, 18:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10692