Ошто өспүрүмдөр оюнчук тапанча менен шаарыдктарды коркутуп, тоноочулук менен алектенишкен
RU

Ошто өспүрүмдөр оюнчук тапанча менен шаарыдктарды коркутуп, тоноочулук менен алектенишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

21-март күнү, саат 19.00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Сулайман тоонун айланасында адам тоноо менен алектенген 4 өспүрүмдү камакка алышкан. Шектүү балдар Кара-Суу районунан атайын адам тоноо үчүн Ош шаарына, Сулайман тоого келишип, жалгыз жүргөн, алсызыраак жаш жигиттерди тандашып, оюнчук темир тапанчаны пайдаланып, төртөөлөп коркутушуп, кол телефондорун алып, тоноп турушкан.

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тоонун айланасында буктурма уюштурушуп, шектүүлөрдү кармашкан. Кармалган учурда өспүрүмдөрдүн жанынан башка жарандарга таандык 2 "Айфон" жана 1 "Редми" үлгүсүндөгү кол телефондор табылган. Алар, Ош облусунун Кара-Суу районунан, 2004-жылы туулган классташтар экенин белгилүу болду.

Бүгүнкү күндө бул өспүрүмдөрдүн үстүнөн 4 арыз келип түшкөн.

Кармалгандар: 2004-жылы туулган Т.А., 2004-жылы туулган Ж. уулу Б., 2004-жылы туулган А. уулу М., 2004-жылы туулган Ж. уулу А.

Жогоруда белгиленгендей, шектүү балдар Кара-Суу районундагы бир мектептин окуучулары. Учурда тоноо фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган балдардын жашы жете элек экени эске алынып, үй камагына чыгарылган, деп Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1026