Бишкектеги караоке сойкукана экени аныкталган. Мекеменин ээсине айып салынды
RU

Бишкектеги караоке сойкукана экени аныкталган. Мекеменин ээсине айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте сойкулукка жана бузукулукка үндөгөн аялга айып пул салынды. Биринчи Май райондук сотунун өкүмү "Санариптик адилеттүүлүк" порталына жарыяланган.

Айыпталуучунун аты-жөнү өзгөртүлдү.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында Бишкектеги караоке-барга жамынган көмүскө жай табылган. Көңүл ачуучу жайда "официант кыз-келиндер кардарлар менен алкоголдук ичимдиктерди ичип, интимдик кызмат көрсөткөнү" аныкталган.

Мекеменин ээси Мунара Б.Б. аттуу кызга официант кыз-келиндерди чет элдик кардарларга интимдик кызмат көрсөтүүгө тартуу тапшырмасын берген.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, "караоке-барга жумушка орношкондон кийин кыздар "чай" (интимдик байланышсыз кызмат көрсөтүүчүлөр), "кофе" (интимдик кызмат көрсөтүүчү кыздар) болуп бөлүнгөн". Интимдик кызмат көрсөтүүнүн баасы 100-130 доллар экени аныкталган.

Айыпталуучунун аракеттери сойкулук үчүн жайларды уюштуруу же бузукулукка үндөө катары квалификацияланган. Соттолуучу "кылмыш жасаганын толугу менен моюнга алып, кылган ишине өкүнүп, жогорудагы аракеттеринин мүнөзүн жана кесепеттерин түшүнгөнүн" белгилеген.

Биринчи Май райондук соту Мунараны күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айыпка жыккан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Unsplash.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16755