Бейбаштыкка айыпталган Улукбек Карыбек уулу акталды
RU

Бейбаштыкка айыпталган Улукбек Карыбек уулу акталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бейбаштыкка айыпталган блогер Улукбек Карыбек уулу акталды. Чечимди Ош шаардык соту чыгарганын блогер өз Facebook баракчасына жазды.

"Биз акталдык. Уттук! Сот өкүмү чыкты. Мамлекеттик айыптоочу, прокуратура айыптоодон баш тартты. Ош облустук төрөт үйүндөгү 36 000 сомдук эшиктин аңгемеси эми бүттү. Ош шаардык сотунан адилеттүү чечим чыкты. Чындык ийилиши мүмкүн. Бирок эч качан сынбайт", - деп жазды ал.

Облустук соттун маалымат кызматынан Kaktus.kg сайтына Ош шаардык соту мындай чечимди 25-январда кабыл алганын билдиришти.

Соттук териштирүүдө прокурор айыптоону колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу Улукбек Карыбек уулу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, сот өндүрүштөн кыскартылды.

Чечим кабыл алууда прокурор айыптоону колдоодон баш тарткан учурда кылмыш иши кыскартылат. Ошондой эле жосун анча оор эмес кылмыштардын курамына таандык экендигин эске алынганын кошумчалашты соттон.

*****

Улукбек Карыбек уулуна 2023-жылы июль айында "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.

16-июлда Ош шаардык сотунда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал үй камагына чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15392