Нарындагы 3 жашар баланын өлүмү. Вакцинанын сапаты айтылды
RU

Нарындагы 3 жашар баланын өлүмү. Вакцинанын сапаты айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын шаарында 3 жашар бала эмдөө аалып каза болгону маалымдалган. Республикалык иммунопрофилактика борбору колдонулган вакцинанын сапаты боюнча маалымат берди.

Белгиленгендей, учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетектөөчү эксперттер тобу тиешелүү улуттук жана эл аралык эксперттер, өнөктөштөр менен биргеликте окуяны иликтеп жатат.

Республикалык борбордун маалыматына караганда, вакцинанын бир бөтөлкөсү менен 8 бала эмделген. "Чарчап калган наристе ошол бөтөлкөдөн эмделгендердин бешинчиси болгон. Калган 7 баланын тең ден соолугу жакшы. Өлкө боюнча 814 миң 598 бала кызамык жана кызылчага каршы эмдөө өнөктүгү учурунда коопсуз эмдөөдөн өтүп, вакцинанын сапатына ишеним көрсөттү", - дешет мекемеден.

Нарын облусу боюнча максаттуу топтон (25 миң 956 бала) кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө кампаниясынын экинчи этабында 19 миң 865 бала эмделген. Алардын арасында эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөр да катталган эмес деп кошумчалашты борбордон.

Маалымдама: Өлкөдө колдонулуп жаткан кызамык жана кызылчага каршы айкалыштырылган вакцина клиникалык сыноолордун бардык баскычтарынан ийгиликтүү өткөн, GMP стандарттык сертификаты бар – бул продукциянын сапатын жана коопсуздугун тастыктаган эл аралык документ, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алдын ала квалификациясынан жана мамлекеттик сертификациясынан өткөн.

Буга чейин 23 млн 480 миң 668 катышуучуну камтыган 138ден ашык изилдөө жүргүзүлүп, анда кызамык жана кызылча вакциналарынын коопсуздугу жана натыйжалуулугу бааланган. Жыйынтык анык: кызамыкка каршы вакциналар натыйжалуу жана коопсуз.

Республикалык иммунопрофилактика борбору Кыргызстан Индиянын MMR вакцинасын колдонорун билдирди. Индиянын MCV Serum институту учурда чыгарылган жана сатылган дозалардын саны боюнча (1,5 миллиарддан ашык) дүйнөдөгү эң ири вакцина өндүрүүчүсү болуп саналат. Планетадагы балдардын болжол менен 65% ошол өндүрүүчүнүн жок дегенде бир вакцинасын алышат. Бул вакциналар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан аккредитацияланган жана 170тен ашуун өлкөдө колдонулат.

Эмдөө кампаниясы балдарды өтө жугуштуу вирустук оорулардан болгон кызамык жана кызылчадан коргоо максатында жүргүзүлөт. Кызамык жана кызылчанын дарысы жок, бирок эки ооруну тең эмдөө аркылуу гана алдын алууга болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16783