Мэрия Бишкекке кирген чет элдиктерден жана унаалардан жыйым алууну сунуштоодо
RU

Мэрия Бишкекке кирген чет элдиктерден жана унаалардан жыйым алууну сунуштоодо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы шаардын бюджетин толтуруу үчүн бир нече жаңы төлөмдөрдү киргизүүнү пландоодо. Токтом долбоору коомдук талкууга жарыяланды.

Мэрия бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн салыктык эмес кирешелердин жаңы булактарын киргизүү максатка ылайыктуу экенин белгилейт. Каражат шаардын инфратүзүмүн, шаардыктардын жашоосун жакшыртууга багытталган жаңы социалдык долбоорлорду каржылоого жумшалат дешет муниципалитеттен.

Ошондой эле мэрия тыгындар борбор калаанын актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири экенин белгилейт. Буга байланыштуу муниципалитет 2024-жылдын 1-августунан тартып 6 айлык мөөнөткө пилоттук долбоор катары төмөнкүлөрдү киргизүүнү сунуштайт:

  • Бишкек шаарынын аймагына шаардан тышкаркы автотранспорттун кириши үчүн жыйым;
  • жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо үчүн жыйым;
  • туристтик жыйым.

Жыйымдар улуттук валютада накталай/электрондук акчалар, банктык төлөм карталары жана контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө колдонуу менен башка төлөм каражаттары аркылуу алынат. Операторлор жана жыйымды төлөөчүлөр алымды төлөбөгөндүгү же өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.

Туристтик салык – Бишкекке келген жана мейманкана, хостелдерде бир суткадан ашык турган чет элдик жарандардан алынуучу жыйым. Алым ар бир күн үчүн 50 сомду түзөт. Алым улуттук валютада накталай/электрондук акча, банктык төлөм карталары жана контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө колдонуу менен башка төлөм инструменттери аркылуу алынат.

Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо үчүн төлөм – бул электр самокаттарды, электр скейтборддорду, гироскутерлерди, сигвейлерди жана башка ушул сыяктуу шаймандарды ижарага берген жеке адамдардан жана компаниялардан алынат. Төлөм мобилдик каражаттын ар бир бирдиги үчүн жылына 10 эсептик көрсөткүчтү (1000 сом) түзөт.

Башка аймактардан келген транспорттордун Бишкек шаарына кирүүсү үчүн жыйым - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган транспорт каражаттарына ээлик кылган же эксплуатациялаган бардык жеке жана юридикалык жактардан алынат. Акча Бишкектин жолдорунда жүргөндүгү үчүн алынат. Төлөмдөр транспорт каражаттарынын категориялары боюнча классификациясына жараша белгиленет. 1000 эсептелген көрсөткүч (100 миң сом) өлчөмүндө алдын ала төлөмдү жүргүзүүдө төлөм 30%га төмөндөйт. Төмөнкү транспорт каражаттары жыйымдан бошотулат:

  • табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга арналган товарларды коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарга берүү үчүн ташыгандарга;
  • чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле эл аралык уюмдарга жана алардын филиалдарына таандык болгон унааларга;
  • коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана укук тартибин камсыз кылуу максатында пайдаланылуучу унаалар, өрткө каршы, тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн транспорт каражаттары, ошондой эле жолдорду жана жол инфраструктурасын эксплуатациялоо жана күтүү үчүн пайдаланылуучу унааларга;
  • мамлекеттик органдарга таандык унааларга.

Бишкектин муниципалдык жолдорунда эмес, жалпы пайдалануудагы жолдордо жүргөндө алым алынбайт. Долбоор колдоо тапса, мэрия республика боюнча мындай жыйымдарды киргизүүнү караган бир катар тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгып, Министрлер кабинетине киргизет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16742