Фракциядан чыгарылган Айгүл Айдарова билдирүү жасады
RU

Фракциядан чыгарылган Айгүл Айдарова билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Айгүл Айдарова "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан чыгарылды. Бул тууралуу фракция лидери Исхак Масалиев билдирген эле.

Айтымында, Айдарованы фракциядан чететтетүүгө эмгек тартибин системалуу түрдө бузганы себеп болгон.

Мындай маалыматтан кийин Айгүл Айдарова Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. Депутат жыйындарга катышпайт деген жүйө негизсиз экенин айтат.

"Урматтуу элим! Айрыкча Баткендиктерим! Мени "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан чыгарганы эч кандай мааниге ээ эмес жана "фракция жыйындарына катышпай жүргөн" деген күнөө негизсиз. Биринчиден, мандат алып иштеген күндөн баштап 4 эле жолу фракция жыйыны болгон. Мен баарына катышкам. Аны кесиптешим Алишер Эрбаев да тастыктап, фракция жыйынында айтып берди.

Фракциядан чыгаруу маселесин Мадумаров ушул күнгө чейин өзү бир да ирет козгогон эмес, козгой да алмак эмес. Анын бир канча себептери бар. Болгону азыр чокту Масалиев колу менен кармады. Эгер чындыктын символу деген партиянын ичинде кандай "былыктары" бар экенин кеп кылсак анда кептин төркүнүн башынан баштоо керек. Убакыт келет, эл "чындык" деп тааныган адамдардын абийири кандай экени ачыкталат. Болгону башкалар айтпаганды мен ачык айтып койгонум үчүн да жакпай калып жатам", - дейт ал.

Айдарова алдыда пландары көп экенин, ишин өз алдынча уланта берерин кошумчалады.

"Ток этерин айтканда, фракциясы жок эле депутаттык ишмердүүлүгүмдү элим үчүн ак иштеп уланта берем. Алдыда аткара турган мыкты иш пландарыбыз көп. Кыжаалат болуп жеке баракчама жазып, чалып сурап жатасыздар. Менде баары жакшы. Мындай майда чечимдер үчүн баш оорутуунун кажети жок болчу. Көпчүлүктүн оюн сыйлап жооп жазып койдум", - деп белгиледи депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16313