Авариялык абалда. Бишкекти Таш-Дөбө жана башка айылдар менен байланыштырган көпүрө жабылды
RU

Авариялык абалда. Бишкекти Таш-Дөбө жана башка айылдар менен байланыштырган көпүрө жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин түштүк тарабындагы көпүрө кооптуу деп табылып, унаа кыймылына чектөө киргизилди. Көпүрө Бишкекти Таш-Дөбө, Заречное, Чоң-Таш, Бир-Булак жана башка айылдар менен байланыштырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги көпүрөнүн жабылышы боюнча маалымат берди. Мекемеден 1 күн аралыгында Аламүдүн-Кой-Таш-Арашан унаа жолундагы авариялык көпүрөнү айланып өтүүчү каттам берилерин айтышты.

"Аталган көпүрө Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Заречная айылындагы Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш унаа жолунун 0+150 чакырымында жайгашкан.

Көпүрө 2021-жылы "Кыргыздортрансдолбоор" институтунун тиешелүү кызматкерлери тарабынан текшерүүдөн өткөрүлүп, авариялык абалда экени аныкталган. Ага долбоор түзүлүп, мамлекеттик экспертизага жиберилген.

Бүгүнкү күндө №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аталган көпүрөдө каттам жабылып, тиешелүү иш-чаралар башталды. Унааларга убактылуу Байтик-Дача-Воронцовка айылдары аркылуу альтернативдик каттам камсыз кылынды.

Аламүдүн-Кой-Таш-Арашан унаа жолунда бир күн ичинде көпүрөнү айланып өтүүчү жол салынып каттам берилет. Учурда керектүү техникалар тартылды", - дешти министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16764