Ысык-Көлдөгү паснионатка тик учак менен конгондор ким? Ижарачылар белгилүү болду
RU

Ысык-Көлдөгү паснионатка тик учак менен конгондор ким? Ижарачылар белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине ӨКМдин тик учагы конгон видео жарыяланды. Алдын ала маалыматтарга караганда, тик учак Чок-Талдагы Paris пансионатына конгон.

Бул көрүнүш боюнча Өзгөчө кырдаалдар министриги редакцияга комментарий берди. Белгилүү болгондой, тик учакты инвесторлор ижарага алышкан.

"25-июлда Airbus-145 тик учагы менен Ысык-Көлдүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган максатта ири инвесторлор 5 саат 20 мүнөткө ижарага алып учушкан. Ушул жылдын 17-июлунда түзүлгөн келишимдин негизинде учуу убактысынын толук ижара акысы төлөнгөн", - дешти министрликтен.

Белгилесек, жеке жактар H-125 Airbus тик учагын тиешелүү келишим түзүү менен саатына 157 662 сомго же H-145 Airbus тик учагын саатына 262 770 сомго ижарага ала алышат. Бул тууралуу толук маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик авиациялык издөө-куткаруу мекемесинин Instagram баракчасынан алса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16779