Өлкөдө ак илбирс аткандарга 2 миллион сом айып пул салынат
RU

Өлкөдө ак илбирс аткандарга 2 миллион сом айып пул салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн айып пулдун суммасы жогорулатылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет.

Министрлер кабинетинин 12-июлдагы №384 токтому менен жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн доолордун суммаларын пайдалануунун тартиби белгиленген.

Айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүүнүн негизги максаты - өсүмдүктөрдү жана фаунаны коргоонун натыйжалуу системасын түзүү. Биологиялык ар түрдүүлүктү жакшыртуу секторун коргоону камсыз кылуу жана жапайы жаныбарлардын жана флоранын санын көбөйтүү боюнча бирдиктүү мамилени аныктоо болуп саналат.

Өзгөртүүгө ылайык, төмөндөгү жапайы жаныбарларды аткандарга:

  • ак илбирс – 2 млн сом (мурда 1,5 млн сом болгон);
  • тоо койлору (аркар), күрөң аюу, марал (бугу), жейрен – 1,5 миллион сом (мурда 1 миллион сом болгон);
  • тоо теке – 300 миң сом (мурда 100 миң сом болгон), элик – 100 миң сом (мурда 50 миң сом болгон) айып салынат.

Министрлик мыйзам бузгандар тууралуу маалымат берген жарандарга 50% сыйлык төлөнөрүн белгилейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16680