ЦУМ соода борборунун ээсине коюлган айып алынып, иши токтотулду
RU

ЦУМ соода борборунун ээсине коюлган айып алынып, иши токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маркум кримавторитет Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деп айыпталган "Айчүрөк" универмагынын ээси Маметов Анвар Ильшатовичтин иши токтотулду. Бул туурасында Улттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Комитеттен эске салгандай, кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдарын тергөөнүн алкагында Маметов (Габбазов) Анвар Илшатович уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоого шектелген.

16-июлда А.Маметов Кыргыз Республикасынын аймагына келип, анын активдүү катышуусу менен тергөө органдары менен бир катар тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгы боюнча А.Маметовго карата мурда коюлган айыптар - уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылаганга тиешеси жок экени такталып, коюлган айып алынып, сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2023-жылы ноябрь айында Бишкектеги ЦУМ соода борборунун кожоюну Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке сыртынан айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланганын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16741