Бишкектеги дүкөндөрдөн Golden Life суусундугу сатыктан алынууда
RU

Бишкектеги дүкөндөрдөн Golden Life суусундугу сатыктан алынууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги дүкөндөрдөн Golden Life анар суусундугу сатыктан алынууда. Маалыматты Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашты.

Аталган борбордун адистери Афганистанда өндүрүлгөн Golden Life газдалган анар суусундугун аныктоо жана сатыктан алып салуу максатында пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Бүгүнкү күндө 58 соода объектилери жана соода-базар комплекстери текшерилди. Ишканалардын жетекчилерине продукцияны сатыктан чыгарып, сатуучуларга кайтарып берүү талабы менен 65 санитардык буйрук берилди. 16 ишканадан 7356 бөтөлкө суусундук алынды.

Аталган анар суусундугун сатыктан алуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругунун негизинде жүргүзүлүүдө. Ведомство аталган суусундуктун курамында лабораториялык изилдөөлөр боюнча, азорубин Е 122 боёгу бар экенин, ал балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16769