"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш
RU

"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ата-эненин ажырашуусу – балдар туш боло турчу оор жагдайлардын бири. Бул нерсе алар үчүн стресс, тынчсыздануу жана эмоционалдык көйгөйлөрдүн булагы. Бирок, ата-эненин колдоосу балдарга ажырашууну баштан кечирүүгө жана келечекте алар менен жакшы мамиле курууга жардам берет. Психолог Елена Малкина Kaktus.media сайтынын суроолоруна жооп берди.

Балдарга ажырашуу тууралуу кантип айтуу керек?

Ажырашуу - бул жоготуу. Көнүп калган мамилелерден, үй-бүлө системасынан ажыроо дегендей. Бул жагдайда бала кайгырат, мурунку күндөрүн эстейт, жаңы абалга ыңгайлашат.

Ар кандай курактагы баланын ажырашууга болгон реакциясы ар кандай болот:

  • Ымыркайлар өзгөрүүлөрдү дээрлик байкабайт. Бул мезгилде ар бир ата-эне бала үчүн эмоционалдык жактан маанилүү болуп саналат.
  • Үч жашка чейинки балдардын маанайы бат-бат жана чукул өзгөрөт. Эгерде ата-энелердин бири жанында болбосо, ал бир эле учурда атасы менен да, апасы менен да болуу муктаждыгын сезет. Ата-энелерин бириктирүү, же атасы, же апасы жок өзүн канчалык жаман сезип жатканын көрсөтүү үчүн бала жүрүм-туруму менен манипуляция жасай башташы мүмкүн. Ал тургай бала психосоматикалык оорулар байкалышы мүмкүн: астма, аллергия жана башкалар.
  • Беш жашка жана мектепке чейинки курактагы бала үчүн ата-энесинин ажырашуусу алар менен болгон көнүмүш мамилелердин бузулуусу болуп саналат. Балдар тынчсызданууну, алсыздыкты жана жалгыздыкты сезишет. Бирок көбүнчө алар өздөрүн "жетиштүү жакшы бала болбодум" деп күнөөлөшөт. Алар чоңдорго жана теңтуштарына карата агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтөт.
  • Бештен жети жашка чейинки балдар ата-энесинин ажырашуусу алардын жашоосун кандайча өзгөртө баштаганын ачык эле түшүнүшөт. Бирок, бул курактагы кыздар үй-бүлөсүнүн бузулуушун оор кабыл алышат, апасы атасына кайра турмушка чыкса деп кыялданышат. Эң сезимтал балдардын уйкусу жана табити жоголот. Бул куракта балдар ата-энелерин бир бүтүн катары кабыл алышат, ошондуктан мамилени бузуу алар үчүн катуу эмоционалдык шок болуп саналат.
  • Кичинекей мектеп окуучулары үчүн ата-энесинин ажырашуусу, мектеп турмушунун жаңы шарттарына көнүүгө, коомдошууга жана эмоционалдык интеллектти өнүктүрүүгө тоскоолдук кылат. Алар орой мамиле жасап, алдап, ата-энелерин бири-бирине каршы коюп, ар дайым белек талап кылышы мүмкүн. Көбүнчө ата-энесинин кимиси менен калса, ошого байланып, кетип калганын жек көрүп, козголоңчул жана агрессивдүү болуп калышат.
  • Өспүрүм эркек балдар атасына карата терс сезимдерди баштан кечирип, апасына катуу байланып калышат. Ал эми кыздар чоңдорго ишенбей, апасын сындап, курбуларына тартыла баштайт.

Ажырашуунун кесепеттерин толугу менен жоюу мүмкүн эмес, бала баары бир стрессти башынан өткөрөт, бирок анын даражасы баланын жашына жана ажырашууга чейин болгон үй-бүлөдөгү мамилелерге жараша болот.

Тилекке каршы, азыркы коомдо бардык эле ата-энелер психологиялык жактан жетилген эмес, башкача айтканда, көпчүлүк ата-энелер кырдаалды адекваттуу кабылдап, бири-бири менен эффективдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышпайт.

Ажырашуу учурунда ата-энелер эң көп кетирген каталар:

Чоң чыр-чатактар ​​жана зордук-зомбулук

Балдардын көзүнчө бат-баттан урушуу - балада ата-энесинин бирөөсүн "коргоп", алардын "куткаруучу" болгусу келген каалоону жаратат. Тилекке каршы, үй-бүлөдө чыр-чатак болгондо, баланын көзүнчө ата-эненин бирөөсү тарабынан экинчисине жасалган физикалык зомбулук жасалган жагдайлар кездешпей койбойт. Натыйжада, балдар психологиялык жаракат алышат - натыйжада балада үчүн байлануу жана коопсуздук деген нерскелер бузулат. Коопсуздуктун кепили болгон чоңдордун өздөрү жардамга муктаж болгондон кийин, бала аларга жардам бере албаган кырдаал пайда болот.

Эгерде чоңдор эмоциясын башкара албаса, анда адиске, психологго кайрылуу зарыл.

Ажырашууну жашыруу

Кээде ажырашуу учурунда ата-эне баласына атас же апас бир жакка кеткенин айтып, жакында келет деп, экөө мурдагыдай эле чогуубуз деген түр көрсөтүшөт.

Ажырашуу жөнүндө чын айтууз керек, эң жакшысы, ажырашууга чейин чогуу отуруп ачык сүйлөшүү зарыл. Ажырашууга болгон реакциянын курактык өзгөчөлүктөрүн эске алып, балдар чындап колдоого муктаж экенин түшүнүп, эрктүү болуп, болгонун болгондой айтып берүү керек. Сүйлөшүү фактыларга негизделүүсү зарыл: мындай болду, эми минтип жашайбыз, баланча өзгөрүүлөр болот.

Жөндөмү жок адамдарды тартуу

Ажырашуу тууралуу туугандары же чоң ата, чоң энелери айтып берсин деген негизде балдарды алардын үйүнө жөнөткөн учурлар болот. Албетте, ата-энелер үй-бүлөдөгү өзгөрүүлөрдү өздөрү жана чогуу отуруп түшүндүрүшү керек. Бул жерде күчтүү болуу маанилүү. Балдар өздөрүн коопсуз сезиши керек, ошондуктан ата-энелер турган көрүнүшү менен кырдаалды жеңип жатканын жана балдарына колдоо көрсөтүүгө жана кырдаалды алдын ала айтууга даяр экенин көрсөтүшү зарыл. Ата-энелер эмоциялар менен күрөшүү жана психологиялык жактан жетилгендигин көрсөтө алышы үчүн, адистен жардам алып койсо ашыкча болбойт.

Өкүнүчтүүсү, биздин менталитет көптөргө жардам издөөгө жол бербейт, көпчүлүгү үйдөгү чыр-чатакты эл алдында алып чыгуудан коркушат, муну менен өздөрүн кесипкөй колдоодон ажыратышат.

Мурдагы өнөктөшүн айыптоо

Конфликттердин стадиясында ата-энелер көбүнчө баланы башка бирөөнүн тарабына тартып, баланы өнөктөшүнө каршы кылышат. Бала үчүн ата-эненин бирөөсүн тандоо – бул ата-эненин бирөөсүнө чыккынчылык кылуу, күнөөлүү сезимин сездирген оор психологиялык жаракат болуп саналат. Бул учурда ата-энелер үчүн психологиялык жетилгендик баланын ата-энесинин бири менен болуу тандоосун кабыл алуу болуп саналат. Тилекке каршы, көп учурда сотто балдар кыймылсыз мүлк сыяктуу "бөлүнүп", алардын коркуулары, тынчсыздануулары эске алынбай, коопсуз жашоодон ажыратылат.

Балдарды жеке мамилелерге аралаштыруу

Чоңдорго байланыштуу көйгөйлөрдүн чоо-жайы баланы ойлондурбашы керек. Психологго же жок дегенде досуңузга өзүңүздүн мамилелериңиздеги кыйынчылыктар жөнүндө айтыңыз. Балдарыңызды жаңы өнөктөш менен тааныштырууга шашуунун кереги жок. Алар жаңы жашоого көнүшү керек. Болжолдуу адаптация мезгили бир жылга чейин. Балдар экинчи ата-энесин жоготуп алуудан коркушу мүмкүн. Ошондуктан, өзгөргөн үй-бүлөдө жаңы эрежелерди түзүп жана аларды колдооо зарыл, бул өз кезегинде балага коопсуздукту берет. Аны менен көбүрөөк баарлашыңыз, анын суроолоруна ачык жана ишенимдүү жооп бериңиз.

Ата-эненин ажырашуусунун балага тийгизген кесепеттери. Аларды азайтуу мүмкүнбү?

Ата-эне өзүнүн эмоциялары жана сезимдери менен күрөшө алышы керек, аларга "чөгүп" кетпей, бала ата-энесинин бири менен жашай турган жерди тандап жатканда психологиялык жактан жетилгендикти көрсөтүү зарыл.

Бала өзүнө көбүрөөк тааныш турмуштук жагдайлардын негизинде ата-эненин кимиси менен жашоону чечерин, бул чыккынчылык эмес экенин түшүнүңүз.

Сиз мындан ары чогуу жашабаганыңарга карабастан, анын ата-энеси болуп кала берээриңизди балаңызга ар дайым эстетип туруу маанилүү. Бала жардам жана колдоо үчүн ар бириңиздерге кайрыла аларын билиши керек.

Тилекке каршы, көп ата-энелер, өзгөчө аталар ажырашып кеткенден кийин бала тарбиялоодон алысташат. Алар каржылык катышуу жетиштүү деп ойлошу мүмкүн. Бирок, балдар жана өспүрүмдөр атасы менен эмоционалдык байланышка муктаж. Аталар алимент төлөбөй, балдары менен байланышын үзүп койгон учурлар да көп кездешет.

Өгөй ата же өгөй эне менен болгон мамиле. Аларды кантип куруу керек?

Жаңы өнөктөшүңүздү балага дароо тааныштыруунун кереги жок, анын үстүенө бирге жашоону баштабай тургани оң. Бала ата-энесинин ажырашуусун толугу менен башитан өткөрүп, үй-бүлөдөгү жаңы шарттарга жана эрежелерге көнүшү керек. Бул алты айдан бир жылга чейин созулат.

Жаңы өнөктөш менен бирге жашоону баштоодон мурун, ата-эне ал адамга толук ишениши керек.

Жаңы үй-бүлөдөгү эрежелер балага түшүнүктүү болсо, ал тынчсызданбайт. Ал эми баары алдын ала болсо, анда ал оңой эле байланышка чыгат. Эрежелер жөнүндө сөз болгондо, мен жаңы "ата-энелердин" баланын иш-аракеттеринен болгон күтүүлөрүн, акылга сыярлык чектөөлөр менен тыюуларды коюп, каталарга жана тамашаларга адекваттуу реакция жасагандарын айтып жатам.

Жеке чектерди белгилөө маанилүү, бирок бул ойлоно турган чоң тема. Кыскасы: эгерде баланын жеке чектери мурунку үй-бүлөдө калыптанып, урматталса, анда ата-эне үчүн баланын кызыкчылыктарын эске алуу менен жаңы өнөктөш менен мамиле түзүү кыйынга турбайт.

"Мурунку" балдар. Ажырашкандан кийин ата-эненин бирөөсү баласы менен сүйлөшпөсө, ата-эненин экинчиси эмне кылышы керек?

Ажырашкандан кийин бир же бир нече балага жоопкерчилик бир гана ата-эненин мойнуна түшкөн жагдайлар болот. Мындай учурларда, ата-эне башкаруу "чөйрөсүн" аңдап - ал эмнеге таасир эте аларын билиши маанилүү.

Адатта, ажырашкандан кийин ар бир ата-эненин баласы менен баарлашуу тартиби жөнүндө келишим түзүлөт. Ал эми ата-энелер мыйзам боюнча баланын өмүрү, коопсуздугу, өнүгүүсү жана ден соолугу үчүн бирдей жоопкерчилик тартышат. Бирок көп учурда бир ата-эне жоготууга туруштук бере албай, эмоциясы менен же башка субъективдүү себептерден улам мурунку өнөктөшү жана баласы менен ар кандай байланышты токтотуп койгон учурлар болот.

Бул учурда балага чоңдор дайыма эле сезимдерине туруштук бере албай турганын, анын жашына жараша түшүндүрүү керек: "Атаңа муну чечүүгө убакыт берүү керек, ал, албетте, сени жакшы көрөт жана сенин атаң бойдон кала берет, ал дагы сени менен баарлаша турган убак келет".

Баланын үмүтүн үзүүнүн кереги жок, бирок атасын да идеалдаштырбагыла. Бул ажырашуу бала менен эч кандай байланышы жок экенин баса белгилеп кетүү зарыл. Тилекке каршы, ата-энелер бул жагдайды өз кызыкчылыгына пайдаланып, балдарына "жакшы" көрүнгөнгө аракет кылышат.

Мурдагы жубайы менен болгон чыр-чатакта балдарды манипуляциялоо

Чоңдор бардык талаштуу маселелерди баланы катыштырбай, өздөрү чечиши керек. Эгерде чыр-чатакты өз алдынча чечүү мүмкүн болбосо, анда адистерге (медиаторлорго, психологдорго) же акыркы чара катары сотко кайрылуу керек.

Үй-бүлөлүк медиация – бул үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды соттон тышкаркы альтернативалуу чечүү жол-жобосу, ​​мында талаштын же чыр-чатактын тараптары сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө үй-бүлөлүк медиатордун жардамы менен чечимди өздөрү кабыл алышат. Үй-бүлөлүк медиация үй-бүлөлүк чыр-чатактын жогорку эмоционалдуулугун эске алат жана ар кандай татаал турмуштук кырдаалдарда абдан натыйжалуу.

Балага атасынын же апасынын туура эмес экенин түшүндүрүү мурунку күйөөсүн же аялын күнөөлөөнү билдирет, бул балада карама-каршы сезимдерди пайда кылат. Ал тургай, анын тнт болуп кетишине себеп болушу мүмкүн. Балага ата-энесине ишенүү кыйын болот, ал кайрадан күнөөлүү жана чыккынчылык сезимин башынан өткөрөт. Балдар ата-энесинин экөөсүн тең жакшы көрүшөт жана алардын ар бири менен өзүн салыштырышат.

Баары ата-эненин психологиялык жактан жетилгендигинен, өзү жана баласы үчүн жоопкерчиликти ала билүүсүнөн көз каранды, ошондо бала ата-энесинин колдоосуна таянып, ал үчүн кыйын кырдаалды жеңип чыгышы мүмкүн жана ал өнүгүп-өсөт, жашоого болгон туруктуулугу пайда болот.

Ажырашкандан кийин балдарды бөлүү

Ажырашкандан кийин жубайлардын ортосунда чыр-чатактар ​​болуп, балдарды бөлүштүрүү боюнча бир пикирге келе алышпаса, балага кырдаалды чечүү жана түшүндүрүү абдан кыйын болушу мүмкүн.

Мындай учурларда баланын жашоосунда туруктуулукту жана алдын ала сүйлошүүлөрдү жургүзүүнү сактоо маанилүү. Өзгөчө өзгөрүүлөр жана белгисиздик учурунда балдар коопсуздук сезимине муктаж экенин унутпаңыз. Болгон окуяны жашырбастан, ага жөнөкөй жана түшүнүктүү сөздөрдү колдонуу менен түшүндүрүүгө аракет кылуу маанилүү. Ал эмне болуп жатканын түшүнүшү үчүн маалыматты баланын жашына жана өнүгүү деңгээлине ылайыкташтыруу маанилүү. Бирок эч кандай шартта бала болуп жаткан окуялар үчүн өзүн күнөөлүү жана жоопкерчиликтүү сезе турган жагдайларды түзбөңүз.

Мүмкүн болушунча, ортоңордо чыр-чатак болсо дагы, баланын ата-энесинин экөөсү менен тең болгон мамилесин колдоп тургула. Бала ата-энеси экөө тең аны жакшы көрөрүн жана ага жеткиликтүү экенин сезиши керек.

Чындыгында маселе чоңдор конфликттерди мамилелердин өсүү чекиттеринин бири катары кабыл ала албагынында жатат.

Эгерде адамдар чыр-чатакты психологдордун жардамы менен чечүүнү билсе, көптөгөн ажырашууларды алдын алышмак. Ажырашуу абдан чоң тема. Эң негизгиси, баланын психологиялык коопсуздугу жөнүндө эстен чыгарбоо керек, эгер сиз муну менен күрөшө албасаңыз, медиаторлорго жана психологго кайрылыңыз.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (55 статей)
Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү кантип түзүү керек
3 Сентябрь 2024, 09:20
Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер
27 Август 2024, 08:31
Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?
27 Июль 2024, 15:50
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16725