Өлкөдө Meken бренди менен ноутбуктар чогултула баштады
RU

Өлкөдө Meken бренди менен ноутбуктар чогултула баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун туунду ишканасы "Кыргызэлектроника" ЖЧКсы Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин баштады. Бул туурасында аталган ишканадан билдиришти.

Аталган ишкана буга чейин Acer, Lenovo сыяктуу көптөгөн дүйнөлүк бренддердин атынан ноутбуктар жана планшеттер үчүн тетиктерди чыгарган кытайлык Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алган.

Бул Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде окуучуларга жана студенттерге жогорку сапаттагы ноутбуктарды, хромбуктарды жана планшеттерди арзан баада сатып алууга мүмкүндүк берет.

Ишкананын бардык продукцияларын ke.kg сайты аркылуу таанышып, буйрутма берсе болот.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан өз бренди менен смартфондорду, ноутбуктарды өндүрүүнү пландап жатканы маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16766