Бишкекте "Кыргызстан сулуусу" сынагы өттү. Жеңүүчүлөр кимдер?
RU

Бишкекте "Кыргызстан сулуусу" сынагы өттү. Жеңүүчүлөр кимдер?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 25-июлда "Кыргызстан сулуусу-2024" сынагы болуп өттү. Сынактын уюштуруучусу Рысгүл Намазбекова былтыркыдай эле 3 бийкеч өлкө сулуусу деп табылганын билдирди.

Сынактын финалына жалпы 23 катышып, башкы байге үчүн ат салышты. Алардын ичинен 3 бийкеч суурулуп чыгып, төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчү болушту.

  • 24 жаштагы Айпери Нурбекова - "Кыргызстан Жер сулуусу"
  • 18 жаштагы Мери Кувакова - "Кыргызстан Аалам сулуусу"
  • 16 жаштагы Ариет Санжарова - "Кыргызстан Дүйнө сулуусу"

Рысгүл Намазбекова белгилегендей, 3 кыз тең Кыргызстандын сулуусу деген наамга татыктуу. Алардын экөө эл аралык сынактарга барганга укук алат.

Белгилесек, өлкөдөгү улуттук сулуулар сынагынын шарттары былтыр өзгөргөн. Ага ылайык, мурдагыдай бир эле бийкеч эмес, 3 катышуучу жеңүүчү болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16782