Президенттин иш башкармалыгы: "Ак Кеме" мейманканасы 15 жылга ижарага берилди
RU

Президенттин иш башкармалыгы: "Ак Кеме" мейманканасы 15 жылга ижарага берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Ак Кеме" мейманканасы 15 жылга ижарага берилди. Бул тууралуу Kaktus.kg сайтына президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Бообек Салимжанов билдирди. Ал оңдоо иштери боюнча айтып берди.

Салимжанов мейманкананы кытайлык эмес, кыргызстандык компания реконструкциялай турганын айтты. Буга чейин президенттин иш башкармалыгы кытайлык инвесторлордун эсебинен мейманканада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын билдирген болчу.

"Биз "Ак Кеме" мейманканасын 2024-жылдын 26-июнунда ижарага бердик. Ал компания "Саякат Курулуш" деп аталат. Биз аны баланстан өткөргөн жокпуз. Аны 15 жылга ижарага бердик", - деди Салимжанов.

Анын айтымында, "Саякат Курулуш" ишканасы мамлекетке айына 5,2 миллион сом ижара акысы катары төлөөгө даяр.

"Алар ай сайын мамлекетке 5 миллион 200 миң сом төлөп берүүгө даяр. Бул ишкана бир жарым жылда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөт. Андан кийин мейманкана иштеп баштайт. 15 жылдан кийин ал мамлекеттин балансында калат", - деп кошумчалады Салимжанов.

Оңдоо иштеринин жалпы баасы болжол менен 20 миллион долларды түзөт, ошону менен бирге 2023-жылы Туризмди өнүктүрүү фонду "Ак Кемени" реконструкциялоого 60 миллион доллар сарптоо пландалып жатканын жана бул үчүн инвесторлорду издөөгө ниеттенип жатканын билдирген.

"Оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн "Саякат курулуш" "Бай Таш Групп" жана башка кытайлык компанияларды жалдаган. Компания 20 миллион долларга жакын инвестиция салып жатат. Оңдоп-түзөө иштерин кайсы компания жүргүзөрү бизге кызык деле эмес. Башкысы мамлекетке пайда алып келип, мейманкананы жакшы кылып оңдосо болду", - деп кошумчалады Бообек Салимжанов.

Буга чейин мейманкананы реконструкциялоо 2023-жылдан 2026-жылга чейин жүргүзүлөрү белгилүү болгон. Мындан тышкары ал беш жылдыздуу болмок. Инвестициялардын кайтарымы 12 жыл деп белгиленген. Салимжанов "инвестордун 60 миллион доллары болсо, эмнеге инвестиция салсабасын, акчасы болсо сала берсин, биз тескерисинче ага сүйүнбөйбүзбү" дейт.

"Эгерде 60 миллион доллар деп жарыя кылынса... Чынын айтсам, мен ал сумманы укпаптырмын. Бирок жеке инвестордун 60 миллион доллары бар болсо, ошол акчага кура берсин да. Биз ижарага бердик. Ижарачы 20 миллион доллар же 60 миллион доллар инвестициялайбы өзүнүн иши да. Көп салса биз тескерисинче ага сүйүнбөйбүзбү", - деп жыйынтыктады ал.

Бообек Салимжановдун айтымында, мейманкана боюнча соттук иштер аяктады. Соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин гана мейманкана ижарага берилген.

Президенттин иш башкармалыгынан билдиришкендей, реконструкциядан кийин "Ак Кеме" мейманканасы мурда айтылгандай беш жылдыздуу эмес, төрт жылдыздуу болот.

"Саякат Курулуш" жөнүндө эмнелер белгилүү

"Саякат курулуш" ЖЧКсынын директору - Усупбеков Эрнист Дамирбекович. Ал тууралуу ачык булактарда эч кандай маалымат жок.

Компаниянын негиздөөчүлөрү - Ибраев Саламат Жумагулович жана Данияр Алыбаев. Ибраев ачык булактарда "Интеллектуалдык транзит оператору" ЖЧКсынын директору катары да көрсөтүлгөн (ишмердик түрү - маалыматтык технологиялар жана компьютердик технологиялар чөйрөсүндөгү башка иш-чаралар). "Саякат курулуш" ишканасынын тең кожоюну тууралуу ачык булактарда башка маалымат жок. Ошондой эле Данияр Алыбаев тууралуу да маалымат жок, социалдык түйүндөрдө мындай ысым менен бир нече колдонуучулар бар.

ЖЧКнын алгачкы каттоо датасы 2024-жылдын 28-майы. Бирок буга чейин 2024-жылдын 6-июнунда компания кайра каттоодон өткөн.

Эскерте кетсек, 16-июлда Kaktus.media редакциясы атактуу мейманканага дагы бир жолу барып, реконструкция иштери менен таанышууга аракет кылган.

Ал жерде мейманкананын аймагындагы бактардын баары кыйылган. Ошол учурда жыйырмага жакын усталар жүргөн. Бирок алар имараттын ичинен ар кандай курулуш таштандыларын алып чыгып жатканы белгилүү болгон. Ошол эле учурда Мамлекеттик мүлк агенттигинин директорунун мурдагы кеңсесинде белгисиз адам сыра ичип отурган.

Ал өзүн Кытайдын жаранымын деп тааныштырып, суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан. Андан кийин ал Kaktus.media редакциясынын чыгармачыл тобун башка кишиге алып барып, ал адегенде өзүн подрядчы катары тааныштырып, ал участокто иштебегенин, жөн эле өтүп баратып, бул жакка киргенин билдирген. Жыйынтыгында журналисттер мейманканадан чыгарылып, Сталбек аттуу подряддык уюмдун жетекчиси (аны ушинтип тааныштырышкан) эч качан байланышка чыккан эмес. Окуя болгон жерде Бангладештин жарандары иштеп жүрүшкөн. Алардын иштөөгө бардык уруксат кагаздары барбы же жокпу белгисиз.

2022-жылы Kaktus.media "Ак Кеме" боюнча репортаж жасаган. Ал учурда мейманкана Индиядан келген студенттердин жатаканасына айланып кеткен эле. Айрым маалыматтарга караганда, ал жерде Индиядан келген 300дөй студент жашачу жана мейманкананын имараты коркунучтуу абалда болчу.

Имаратты президенттин иш башкармалыгы кабыл алганга чейин "Ак Кеменин" 20 миллион сом карызы бар болчу, мейманкананын өзү мамлекетке киреше алып келген эмес. Бирок бийлик өкүлдөрү 2024-жылы "Ак Кеме" беш жылдыздуу мейманканага айланып, мамлекетке салык аркылуу миллиондогон киреше алып келерин убада кылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16714