Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядан эртең кайтып келишет
RU

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядан эртең кайтып келишет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көмөктөшкөн кыргызстандык куткаруучулар өлкөгө кайтып келишет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, куткаруучулар отурган учак аба майданга 21-февралда конот.

Белгилүү болгондой, куткаруучулар Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:35да жана таңкы 09:00дө "Манас" эл аралык аэропортуна конушат.

Кырсык катталган аймакта 24 саат иштеп, түрк элинин кайгысын тең бөлүшүп, аларга жардам берген куткаруучуларды тосуп алуу иш-чарасы уюштурулат дешет министрликтен.

Эске салсак, Түркиядагы жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда Кыргызстандан 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жөнөтүлгөн. 12-февралда 80 куткаруучу, 3 дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга жөнөтүлдү.

13-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен 35 адам, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар учуп кетишкен.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10400