Си Цзиньпин Москва менен алака бекемдөөдө. Ал арада Япониянын өкмөт башчысы Киевге барды
RU

Си Цзиньпин Москва менен алака бекемдөөдө. Ал арада Япониянын өкмөт башчысы Киевге барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытай лидери Си Цзиньпин Москвага барса, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида Киевдин Буча шаарына барды.

Кисида Киевге реконструкция, гуманитардык жардам жана украин президентине чексиз колдоо көрсөтүүгө убада берди.

Ал арада Кытай лидери шейшембиде Кытай Россия менен алакага артыкчылык берерин айтып, эки өлкөнү "чоң кошуна державалар" деп атады. Ал эми Владимир Путин Кытайды дос жана өнөктөш өлкө катары мүнөздөдү.

"Кытай бейтарап позициясын карманганы менен учурда Москвага көбүрөөк ыктап жатат",-деп жазат BBC кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11035