Бишкектен башка аймактарга каттаган таксилер эки бекетке бөлүштүрүлөт
RU

Бишкектен башка аймактарга каттаган таксилер эки бекетке бөлүштүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Батыш жана Чыгыш автобекеттеринен аймактарга кеткен таксилер бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда:

  • чыгышты көздөй бара жаткан таксилер (Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кемин ж.б.) Чыгыш автобекетиндеги жүргүнчүлөрдү алып кетишет;
  • батыш тарапка (Суусамыр, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен ж.б.) бара жаткан таксилер жүргүнчүлөрдү Батыш автобекетинен алып кетишет.

Белгиленгендей, мындай демилге менен Биринчи Май райондук администрациясы чыгып, аны "Бишкек автобекет" мамлекеттик ишканасы жана Свердлов районунун акимиаты колдоого алышкан.

Бул автобекеттерде тартипти калыбына келтирүү үчүн жасалууда.

Бошогон муниципалдык жер тилкесин жашылдандыруу пландалып, ал жерге унаа токтотуучу жайдагы мыйзам бузууларды каттай турган видеокөзөмөл камералары орнотулат.

Бишкек шаардык мэриясы автобекеттерден аймактарга жеке такси менен бара жаткан жарандарды жаңы бөлүштүрүүнү эске алуу менен жолго чыгууга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11501