28 жаштагы кыз таанышын зордуктоого аракет кылган деп айыптады. Шектүү Монголиянын жараны
RU

28 жаштагы кыз таанышын зордуктоого аракет кылган деп айыптады. Шектүү Монголиянын жараны

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө зордуктоого аракет кылды деген шек Монголиянын жараны кармалды. Облустук милициядан билдиришкендей, чет элдик жаран өз өлкөсүндө да бир нече кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн.

Бишкектин 28 жаштагы тургуну Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анын айтымында, болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Монголия мамлекетинен келген чала таанышы көлдөгү эс алуу жайларынын биринде мас абалында болуп, зордуктоого аракет кылганын билдирген. Кыздын айтымында, чала таанышы бетине бир нече жолу уруп, денесине залал келтирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Монголия мамлекетинин 36 жаштагы Я.Г. аттуу жараны кармалган.

Бул факты боюнча 37-154-берене (Зордуктоого аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Райондук соттун чечими менен кармалган жаран 2 айга камакка алынды.

Учурда Ысык-Көл райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши тергелип бүтүп, соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Андан аркы жүргүзүлгөн тергөөдө зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалган 36 жаштагы Я.Г., чындыгында 31 жаштагы Монголия мамлекетинин жараны Д.Л. экендиги аныкталды. Ал өз өлкөсүндө бир катар алдамчылык аракеттерди жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ошондой эле шектүү мекендешинин паспорту менен чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү белгилүү болду.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп, 378-беренеге (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) ылайык тергөө иштери башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12104