Алымбек жардамга муктаж. Операциясына 40 миң доллар керек. Байкеси донор болгону жатат
RU

Алымбек жардамга муктаж. Операциясына 40 миң доллар керек. Байкеси донор болгону жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алымбек Чолпонбай уулу бир жылдан бери боор оорусу менен жабыркап келет. Ал Ысык-Көл облусунун Ак-суу районуна караштуу Жолколот айылынын тургуну. 1995-жылкы. 2 баланын атасы.

Диагнозу: Альвеококкоз – альвеококкоз боордун оорусу.

Бир жыл мурун Алымбекке дарыгерлер боорду алмаштыруу керек экенин айтышкан. Алгач, бейтаптын абалы оор болбогондуктан өзү операцияга макул болгон эмес.

Ал ар кандай молдо, табыптарга, барып, абалы жакшырып келе жатканда, ортодо сасык тумоого кабылган. Ал сасык тумоого каршы дары ичип, тамчылатып ийне сайдыргандан кийин абалы начарлап кеткен. Алымбектин жубайынын айтымында, дары сайдыраарда дарыгер бейтаптын боору ооруп жүргөнүн билген эмес.

Азыр боору ириңге толуп бара жатат. Дарыгерлер Кыргызстандан дарылоого мүмкүн эмес экенин айтып, Индиядан боорун тезинен алмаштыруу керектигин белгилешкен. Алымбектин байкесин боорун бергени жатат.

"Операция канчалык эрте болсо - ошончо жакшы. Азыр бооруна ириң толуп, абалы өтө начарлай баштады. Кайрымдуу кыргыз элимден колдон келишинче жардам сураганга аргасыз болуп жатабыз. Мындан бир аз мурун эле (кайненем) Алымбектин мамасы каза болуп калды. Балдарымдын атасы жакшы болуп, толук үй-бүйлөодө балдарыбыз чоңойсо экен деп тилем отурам", - деди бейтаптын жубайы kaktus.kg редакцииясына Нурзада Бейшеева.

Жардам үчүн реквизиттер:

🇷🇺 ( Сбербанк ) Карта Чолпонбай уулу - 4279 3806 9994 9683

🇰🇬 ( M BANK ) Бейшеева Нурзада - 996 508 629 696

🇰🇬 (О деньги) Бейшеева Нурзада - 996 508 629 696

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13513