Депутат байпак менен ич кийимге гербдин сүрөтүн түшүрүүгө тыюу салууну талап кылды. Видео
RU

Депутат байпак менен ич кийимге гербдин сүрөтүн түшүрүүгө тыюу салууну талап кылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев мамлекеттик гербдин сүрөтүн байпактарга баспоону талап кылды. Бул туурасында ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Депутат Монополияга каршы кызматтан кандай кийимге мамлекеттик символдордун басылышы мүмкүн экенин сурады. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев мындай символдорду каалаган кийимге колдонууга мыйзам жол берерин, чектөө жок экенин айтты.

Буга депутат нааразы болду. "Гербди, желекти байпактарга басууга болбойт! Керек болсо биздин спортчулар олимпиадаларга барган учурда дагы футболка, шортага (чолок шым) мамлекеттик символду түшүрсө болот, бирок байпагына болбойт. Тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, чектөө киргизиш керек. Герб менен желек биздин ыйык нерсебиз", - деди Абдалиев.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: economist.kg.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14461