Айдоочу баланы сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Ал эки жумадан кийин кармалды
RU

Айдоочу баланы сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Ал эки жумадан кийин кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кичинекей баланы сүзүп, кырсык болгон жерде качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы маалымдады.

Ушул жылдын 3-декабрында, болжол менен саат 07:50дө, 7-Апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, айдоочу унаа менен жол кырсыгын жараткан жана белгисиз тарапка качып кеткен. Анын жыйынтыгында 2008-жылы туулган Б.Э жабыркап, ооруканага жеткирилген.

16-декабрда издөө бөлүмүнүн кызматкерлери 1994-жылы туулган Т.Ж. айдаган Honda Accord унаасын токтотушкан. Ал Бишкектин ИИББсине андан аркы тергөө иштерин улантуу максатында жеткирилген. Автомашина атайын токтоочу жайга токтотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/150