"Кирсем кызым көкмөк болуп жатыптыр". Стоматологиялык клиникада 3 жаштагы кыз каза тапты
RU

"Кирсем кызым көкмөк болуп жатыптыр". Стоматологиялык клиникада 3 жаштагы кыз каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги жеке менчик стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз каза тапты. Бул тууралуу жактоочу Канат Хасанов Facebook баракчасында айткан.

Айтымында, кыздын тишин тазалап, дарылоо үчүн атасы доктурга алып барган. Ал жактан кызга жалпы наркоз сайышкан, кийин кыз каза болгон. Жабырлануучу тарап кызга ар кандай уколдорду салып, кыйнаган дейт.

"Тишин тазалатабыз деп алып кетишкен. 11:40та киргизип, кечки 18:30да өлтүрүп берип коюшкан. Барсам келиним баласын кармаган бойдон отуруптур. Баары качып кетиптир. Неберемен айрылып калдым. "Биз укол сайбайбыз" деген. Колу-бутунун баарына ийне сайылган. Чарчап калса "Тез жардам" чакырышкан эмес. Чара көрүңүздөр. Ар бириңерде бала бар. Келиним 6 айлык баласын карай албай жатат, уулум да нес абалда. Булар ушундай алдамчы болот экен. Наркоздон эле ойгото албай коюшкан. Өлтүрүп туруп колубузга карматып коюшту",- деди чоң апасы.

Ал эми кыздын атасы алгач кеңеш алганын, анализдерди тапшырганын кошумчалады.

"Биз белгиленген күнү кызыбызды алып бардык. Тишти дарылоо 4-4,5 жарым саатка созулат дешти. Келинчегим экөөбүз күтүп отурдук, саат 17:00 болуп калды. Тынчсызданып эмне болду десек, дарыгер "баары жакшы, алдыңкы тиштерин жасап жатабыз, 40 мүнөттө бүтөт" деп аудио жөнөттү. Биз ишенип отурдук. Саат 18:00 болуп калды, андан да өтүп калса керек эсимде жок. Жүрөгүм жай болбой реанимациялык блоктун жанына барып турсам эле топ дарыгерлер чуркап кирип кетти. 10 мүнөттөй жүрүштү окшойт, андан кийин чыгышты, стоматолог кошо чыкты.

Кызыма эмне болгонун сурасам "жүрсөңүз сүйлөшөлү" деп кабинетке алып киришти. Ал жактан "тишин жасап бүтүп калганбыз, анан жүрөгү токтоп калды" дешти. Кызымды көрөлү деп реанимациялык блокко кирсек көкмөк болуп жатыптыр. Кызым эбак эле чарчап калган окшойт", - дейт кызын жоготкон ата.

Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги үн катып, министр Алымкадыр Бейшеналиев башында турган атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдашты.

Окуянын жагдайлары такталганга чейин стоматологиялык клиниканын иши убактылуу токтотулду. Бул иш министрдин жеке көзөмөлүндө.

Мындан тышкары укук коргоо органдары тарабынан кайрылуу түшкөн, ага ылайык Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн компетенттүү тиешелүү адистер берилерин кошумчалашты министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15183