Ниязовду COVID-19га байланыштуу сотко алып келишкен жок. Бирок эки күн мурун келген болчу
RU

Ниязовду COVID-19га байланыштуу сотко алып келишкен жок. Бирок эки күн мурун келген болчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-декабрда, Бишкек шардык сотунун коллегиясы адвокат Замир Жоошевдин Фарид Ниязов боюнча Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча даттануусун карап чыгышы керек болчу.

Эске салсак, 5-декабрда Биринчи май райондук соттун чечими менен Фарид Ниязовду СИЗОдо кармоо мөөнөтү 2021-жылдын 13-февралына чейин узартылган.

Бирок Замир Жоошевдин Kaktus.media редкциясына билдирген маалыматына ылайык, отурум өткөн жок.

"Фарид Ниязовду сотко алып келишкен жок. Бизге берген түшүндүрмө боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу айыпталуучуларды СИЗО-1ден чыгарбй жатышыптыр. Ал эми шаршемби күнү, кой-таш окуялары каралып жаткан учурда аны сотко алып келишкен. Бул жерде логика жок болуп жатат, анын үстүнө мындай интсанциянын сотторунда айыпталуучулардын катышуусу милдеттүү", - деди юрист.

Соттук коллегия катчыга соттук отурумга айыпталуучуну алып келүү же анын он-лайн катышуусун уюштуруу талабын жөнөтүү тапшырмасын берди. Соттун отуруму 28-декабрга жылдырылды.

Президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Фарид Ниязов 10-октябрда камакка алынган. Ал 9-октябрда, Ала-Тоо аянтында болгон массалык башаламандыктарды уюштурду деп айыпталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/222