Ашхабад аэропортунан Жапаровду ким жана кантип тосуп алды? Сиз бир аз таң каласыз
RU

Ашхабад аэропортунан Жапаровду ким жана кантип тосуп алды? Сиз бир аз таң каласыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркмөнстандын борбору - Ашхабад шаарына келди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчынын коллегиясы Ахшабад эл аралык аэропортуна конуп, Түркмөнстандын энергетика министри Чарымурад Пурчеков аны тепкичте тосуп алды.

Эл аралык аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Эске салсак, расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар иш-чараларга катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2267