18 жаштагы кызды ала качкан жаран үй камагына чыгарылган. Эми ошол кызды зордуктап салды
RU

18 жаштагы кызды ала качкан жаран үй камагына чыгарылган. Эми ошол кызды зордуктап салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштун тургуну 18 жаштагы кызылкыялык кызды ала качып кеткен. Милиция кызды таап, кайра үйүнө кайтарган. Бирок сот шектелүүчүнү үй камагына чыгарып салган болчу. Ал кайрадан кызды ала качып, зордуктап салган. Буул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынан айтып беришти.

Алардын берген маалыматына ылайык, 2021-жылдын июнь айынын башында Ош ИИБсине бир кыз телефон чалып, аны Кызыл-Кыядан бейтааныш адам ала качканын билдирген. Ал аны Ош шаарына алып келген.

Милиция 2003-жылкы кызды таап, шектелүүчүнү камакка алышкан болчу. Бул факт "Адамды уурдоо" беренеси боюнча катталып, Ош шаардык соту 1992-жылкы Т.Д. ни үй камагына бошоткон.

"9-июнда ошол эле 18 жашар кыз кайрадан милицига арызы менен кайрылган. Т.Д. аны күчкө салып уурдап, Ош шаарындагы көп кабатту үйлөрдүн бирине алып келип, сабап, зордуктап салган", - деп күч структураларындагы кызматкерлер билдиришти.

Бул факт боюнча "Зордуктоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Шектелүүчү камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Бул ирет Оштун шаардык соту шектелүүчү Т.Д.ни бир айга камакка алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2298