Чүй облусуна суу сактагыч жана каналдар салынат
RU

Чүй облусуна суу сактагыч жана каналдар салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Бурулдай суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чүй облусундагы Чоң Чүй каналынын бүткөрүлө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Бурулдай суу сактагычын, айланма экинчи Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү маселеси каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча төмөнкү милдеттер коюлду: жердин топографиялык сүрөттөлүшүн жыйынтыктоо, суу обьектилеринин долбоордук-сметалык документтерин тездетүү, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Айыл, суу чарба министрлиги менен биргеликте айланма Чүй магистралдык каналынын тилкесинде жердеги курулуш иштерин жүргүзүү боюнча сунуштарды киргизүү. Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясын мындан ары иштеп чыгуу үчүн гидроагрегаттарды орнотуу боюнча сунуштарды киргизүү, ошондой эле чакан гидроэлектростанцияларды күчтөндүрүү жана жаңыларын куруу боюнча иш жүргүзүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2601