Эскертүү! 1-ноябрдан тартып жол акы кымбаттайт. Окуучулар, пенсионерлер канча төлөшөт?
2583
1-ноябрдан тартып бардык коомдук транспорттордо жол акы көтөрүлөт.
Эске салсак, жаңы тарифти Бишкектин шаардык кеңешинин депутаттары бекитишти.
Ошону менен маршруткаларда жол кире 15 сом, автобус жана троллейбустарда - 11 сом болот.
Пенсионерлер мурункудай эле автобус менен троллейбустарда бекер жүрө алышат, ал эми маршруткаларга жол акынын 50%ын төлөшөт, башкача айтканда - 8 сом.
Андан тышкары акысыз жүрүү үчүн убакыт узартылды. Эгер буга чейин ушул категориядагы жарандар арзандатылган тариф менен 17:00го чейин жүрүшсө, эми 21:00го чейин жүрө алышат.
Башкача айтканда, арзандатылган тариф бардык коомдук транспорттордо саат 08:00дон 21:00го чейин иштейт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/4122