Аялын өлтүрүп соттолгон киши кийин кызын зордуктаган. Ал эмне үчүн бошотулган?
RU

Аялын өлтүрүп соттолгон киши кийин кызын зордуктаган. Ал эмне үчүн бошотулган?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кызын зордуктаганы үчүн кармалган Жумгал районунун 54 жаштагы С.Т. аттуу жаран, ата-энелик укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына облустук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Аида Бектурганова билдирди.

Октябрь айынын башында Жумгал районунун 54 жаштагы тургуну 13 жаштагы кызын зордуктаган деген шек менен кармалганы белгилүү болгон. Сурак учурунда ал 2021-жылдын июль айынан бери 2008-жылы туулган кызы Т.Р. менен жыныстык катнашта болгонун мойнуна алган.

Бектурганованын айтымында, 2010-жылы ал аялын өлтүргөн деп соттолуп, анан 8 жыл жазасын өтөп, кийин улгайган апасынын арызынын негизинде 2018-жылы шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Ал пробация органынын көзөмөлүндө болгон.

"Жубайы каза болгондон кийин, эркинен ажыратылган. Ал эми балдарына камкорчулук кылуу милдети соттолгондун апасына (балдардын чоң энесине) берилген. Камкорчулукту алгандан кийин кайра улгайып калгандыктан, балдарын өзү карай албай арыз жазыптыр. Ошондон улам камактан бошотулган", - деп кошумчалады Бектурганова.

Бектурганова кылмышкер түрмөгө түшкөндө кызы болгону бир жарым жашта экенин, азыр 9-класста окуп жатканын кошумчалады. Ал эми балдардын эң улуусу азыр 27 жашта. Балдар жөнүндө кодексте, жашына жана улутуна карабастан, ата-чоң эне башка туугандарына караганда балдарды багууда артыкчылыктарга ээ экени белгиленген. Балдардын апасы тараптан туугандары болгон эмес.

"2010-жылы эмнегедир ата ата-энелик укуктан ажыратылбай, балдары менен көрүүшүүгө укугу бар болгон. Эркиндикке чыккандан кийин пробация органынын көзөмөлүндө болуп, үй-бүлөгө өкмөт, айылдан социалдык кызматкерлер көп келип турчу. Ал тамеки чекпейт, ичпейт, намаз окуйт. Балдары мектепке барып, кызы жакшы окучу. Соттолуучунун апасы да, карындашы да андан жаман эч нерсе байкаган эмес", - деди Бектурганова.

Бектурганованын айтымында, азыр балдарды соттолуучунун эжеси багууга алган.

Окуя тууралуу мектептегилер окуучу кыз ооруп калганда билишкен. Ал доктурга баргысы келбей, анан атасы ага тийишип жүргөнүн айткан. Азыр өспүрүмгө Балдар психологиялык колдоо борбору психологиялык жардам көрсөтүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4206