Жапаров Россия тууралуу: 200 жыл бирге болдук дагы 300 жыл бирге болууга даярбыз
RU

Жапаров Россия тууралуу: 200 жыл бирге болдук дагы 300 жыл бирге болууга даярбыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нур-Султан шаарында (Казакстан Республикасы) Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында жолугушуу өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толот.

"Юбилейлик датанын тарыхый маанисин белгилөө менен Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтулаарын белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасы да Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграция маселелерине өзгөчө маани берет. Бул биздин өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири. Евразия экономикалык биримдигинин органдарында төрагалык кылуу алкагында кыргыз тарап интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүү жана жалпы максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт", - деди ал.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында жүрүүсү боюнча маселени көтөрдү.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин белгилегендей, Россия Федерациясы элдердин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан достук мамилеге негизделген Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн стратегиялык мамилелерди баалайт.

"Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатат. Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 47%га өсүп, 2,5 млрд АКШ долларына жакындады. Гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык кеңейүүдө", - деди ал.

Михаил Мишустин белгилегендей, өнөр жай, машина куруу, радиоэлектроника, санариптик экономика, жашыл энергетика жана транспорт тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Бул жолугушуу тууралуу РФтин өкмөтүнүн сайты да жазып, толук стенограммасын жайгаштырган.

Анда элдерибиздин тарыхый жана маданий жактан, коопсуздук, саясат, экономика, аскерий-техникалык, мданий-гуманитардык тармагында бир экенибизди эске алганда, Россия менен кызматташуу биз үчун маанилүү ролду ойнойт. Жолго чыгаарда президент Садыр Нургожоевич менен жолуккам. Ал биз 200 жыл Россия менен бир болдук, дагы 300 жыл бир болууга даярбыз, деди. Андан ары болжобой туралы, бирок биз бирге болгонбуз, бирге калабыз, деп айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5709