Мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Ушул жумага Кыргызстан боюнча аба ырайы
RU

Мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Ушул жумага Кыргызстан боюнча аба ырайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шашылыш билдирүү

8-10-февралдарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, 8-февралда күндүз жана 9-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаашы күтүлөт. 9-февралда зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

8-9-февралдарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

2021-жылдын 8-февралынан 10-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бишкек

8-февраль, дүйшөмбү

Түнкүсүн +2 +4°C, жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз +12...+14 °C, мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

9-февраль, шейшемби

Түнкүсүн -1...-3 °C, мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Жолдордо муз тоңуп, шамалдын ыламдыгы 4-9 м/с болот.

Күндүз +2...+4 °C, мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Жолдордо муз тоңуп, шамалдын ыламдыгы 4-9 м/с болот.

10-февраль, шаршемби

Түнкүсүн -1...-3 °C, мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Жолдордо муз тоңуп, шамалдын ыламдыгы 4-9 м/с болот.

Күндүз +8...+10 °C, мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Жолдордо муз тоңуп, шамалдын ыламдыгы 4-9 м/с болот.

11-февраль, бейшемби

Түнкүсүн -1...+1 °C, жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз +10 +12 °C, жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

12-февраль, жума

Түнкүсүн -1...+1 °C, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Күндүз +10 +12 °C, жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

13-14-февралга карата Кыргызстан боюнча аба ырайы

13-14 февралда жаан чачын күтүлбөйт. Абанын температурасында кескин өзгөрүүлөр болбойт.

8-12- февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

8-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.

11-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

8-12- февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба-ырайы

8-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

8-февралда күндүз жана 9-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

9-февралда облустарынын кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

8-12- февралдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

8-февралда кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-11-февралдарда жана 12-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.

11-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

8-12-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы

8-9-февралдарда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда.

10-февралда күндүз, 11-февралда жана 12-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/604