Манас Ниязов 2016 жылы ат менен уруп кеткен казакстандык спортчудан кечирим сурады
RU

Манас Ниязов 2016 жылы ат менен уруп кеткен казакстандык спортчудан кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасынын лидери Манас Ниязов казакстандык Абугали Абдыжапаровдон кечирим сурады. Шымкентте өткөн оюн учурундагы элдешүүнүн видеосу соцтармактарга таркатылды. Видеодо көрүнгөндөй, Манас агасы Байыш Ниязов менен барган.

"Биринчиден, эки элди бириктирген оюнга чакырганыңар ұчүн ыраазычылык билдирем. 2016 жылы, Көчмөндөр оюнунда биз үчүн чоң жеңиш болгон, бирок, мен үчүн капалуу окуя болду. Кокустан болду, эч ким атайы кылган жок. Биз тараптан кетсе, кечирип кой. Бизде да жакшы оюндар болот. Келгиле бизге, биргеликте көк бөрүнү өнүктүрөлү", - деди Манас Ниязов.

Бул сөздөрдөн кийин Абдыжапаровко калпак кийгизип, чапан жапты.

Абдугали Абдыжапаров болсо 2016 жылы Казакстандын желегин желбиреткени барганын айтып: "Туура эмес болуп калгандыгын баарыңар билесиңер", - деди.

Эл арасында айрымдар "Кечирбе!" деп кыйкырса, башкалары тескерисинче кечиримдүү болууга чакырышты. Абугали өзү "кечирдим" деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/688