Баткенде ок атышуу болгон аймакта куураган чөптөн чыккан өрттү өчүрүү дале уланууда
2619
Бир күн мурда Баткенде районунун Булак-Башы тилкесиндеги ок атышуудан кийин куураган чөптөн өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрттү өчүрүү иштери улантылып жатканын кабарлашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө 11 куткаруучу жана Зил-131 унаасы, айыл өкмөтү тарабынан 15 жергиликтүү жаран тартылган.
Бүгүн, 15-сентябрь күнү эрте мененки саат 04:00дө кошумча күч катары КамАз, АСМ унаасы менен 51 куткаруучу тартылды. Тактап айтканда, ӨКМдан 45, Токой чарба кызматынан 6 кызматкер өрт өчүрүүнү колго алышты. Алар техника барууга мүмкүн болбогон жерлерде өрттү өчүрүү иштерин улантууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/8397