Башка аймактарга барып окуган студенттерге мамлекет жардам көрсөтөт
RU

Башка аймактарга барып окуган студенттерге мамлекет жардам көрсөтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Студенттердин башка аймактарга барып окуусуна мүмкүнчүлүктү кеңейткен жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, региондор аралык мобилдүүлүк программасына катышкан студенттерге стипендияларды берүү, ички авиакаттамдардын чыгымын жабуу, жатакана менен камсыз кылуу каралат.

Ошондой эле кеминде 9000 студентти жайгаштырууга эсептелген жатаканаларды этабы менен жана системалуу түрдө куруу мерчемделген. Жатаканаларда спорт аянтчалары, ашканалар, окуу борборлору жана башка зарыл инфраструктуралар болот.

Демилге жарандардын социалдык жана экономикалык абалына карабастан жеткиликтүү жана сапаттуу билим алуусун камсыздоо, кадрдык потенциалды чыңдоо жана бардык региондордогу билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн тең салмактуу өнүктүрүү максатында кабыл алынды.

Белгилесек, ушул жылдын февраль айында президент түштүктөгү студенттер түндүккө, ал эми түндүктөгүлөр түштүккө барып окуй турганын, бул үчүн 10 миң бюджеттик орун бөлүнөрүн айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17949