Фарид Ниязов абактан бошотулду
RU

Фарид Ниязов абактан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Фарид Ниязовго ырайым кылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өкмөттүк чөйрөдөгү булактар билдиришти.

Азырынча башка маалымат жарыялана элек.

Фарид Ниязов Атамбаевдин эң жакын тарапташтарынын бири. Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясынан кийин кармалган. Ал өткөн жайда 7 жыл 8 айга абакка кесилген. Ошондой 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17914