Активист Адилет Балтабай абактан бошотулду
Жарандык активист Адилет Балтабай 29-майда камактан чыкты. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Адилет Балтабайга президент Садыр Жапаровдун ырайым кылганы белгилүү болду.
2022-жылдын 11-ноябрында Биринчи Май райондук соту активистти "Массалык башаламандыкка чакыруу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Сот аны беш жылга эркинен ажыраткан. 82-беренеге ылайык, 3 жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, сот залынан бошотулган.
2023-жылдын 12-январында Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Адилет Балтабайды беш жылга эркинен ажыраткан. Активист сот залында камакка алынган.
Адилет Балтабай Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку сотко кайрылып, үй-бүлөсүн карай турган жалгыз киши экенин айткан жана абактан бошотууну өтүнгөн. Жогорку сот анын арызын канааттандырып, 3 жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүн күчүндө калтырган.
2023-жылдын ноябрь айында Пробация департаменти Сокулук райондук сотуна кайрылып, активистке байланыштуу мурдагы чечимди жокко чыгарууну суранып, аны камакка алууну өтүнгөн.
Департамент Балтабай Сокулуктан Бишкекке барганын белгилеп, муну "пробация эрежелерин бузуу" деп түшүндүргөн. Сокулук райондук соту 2023-жылдын 10-ноябрында пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарып, активист кайрадан камалган.

