Жеткинчекти тебелеп кеткен автобустун айдоочусу мурда айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган
16
Бишкектеги Жаш Гвардия жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жеткинчекти тебелеп кеткен автобустун айдоочусу мурда айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Бул туурасында Kaktus.media сайтына Кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.
Мекеменин маалыматы боюнча, 1977-жылы туулган Б.М. мас абалында унаа айдагандыгы үчүн райондук соттун чечими менен айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган.
Ал эми 10 жашар баланы сүзгөн учурда ал №34 автобусту башкарып бара жаткан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18244
