Бостериде гидроскутерлер кагышып, турист каза болду
RU

Бостериде гидроскутерлер кагышып, турист каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Бостери айылында гидроскутерлердин кагылышуусунан 30 жаштагы чет өлкөлүк жаран каза болду.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, төрт чет өлкөлүк жаран көл жээгинен болжол менен 1 чакырым алыстыкта ижарага алынган эки гидроскутер менен эс алып жүрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен бир адам оор жаракат алып, ошол жерде көз жумган.

Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18294